НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ XVIII СЕССИЯСЫНЫН № 6/9 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН  ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ XVIII СЕССИЯСЫНЫН

№ 6/9 ТОКТОМУ

22-октябрь  2014-жыл                                                                                                                          Нарын шаары

 

Телтаев Максат Казыбековичке Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын

ыйгаруу жөнүндө

 

           Телтаев Максат Казыбекович 1992-1995-жылдары Нарын медициналык окуу жайынын тиш дарылоо факультетин бүтүргөн. 1998-2002-жылдары Нарын Мамлекеттик Университетинин Биология факультетин бүтүргөн. 1995-2000-жылдары Нарын райондук 8-март ооруканасында тиш даарыгери, 2000-2002-жылдары Нарын облустук ооруканасында ардагерлер бөлүмүндө тиш дарыгери болуп иштеген. 2002-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Нарын райондук үй бүлөлүк медицина борборунда тиш дарылоо бөлүмүндө эмгектенип келүүдө.

2012-жылдын ноябрь айынан бери Нарын шаардык Кеңешинин депутаты, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары.

Телтаев Максат Казыбекович медицина  тармагында үзүрлүү эмгеги үчүн Нарын райондук администрациясынын, Тайлак-баатыр атындагы Нарын чегара бөлүгүнүн, “Замандаш” саясий партиясынын “Ардак грамоталары” менен жана “Саламаттык сактоого” кылган кызматы үчүн медаль менен сыйланган.

Телтаев Максат Казыбековичтин медицина тармагында кошкон салымдары үчүн Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндөгү “Замандаш” фракциясынын   сунушунун жана депутаттык туруктуу комиссиясынын  протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.      Саламаттык сактоо тармагындагы үзүрлүү эмгектери үчүн Телтаев Максат Казыбековичке Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.

 

2.      Жобого ылайык Телтаев Максат Казыбековичке атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” төш белгиси жана күбөлүгү тапшырылсын.

 

                  Төрага:                                                                                                   Э.Турсуналиев 

 
___________________________________________________________________________________

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, “Замандаш” фракциясына, Т.Телтаевге.

Обсуждение закрыто.