НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ XVIII СЕССИЯСЫНЫН
№ 6/6ТОКТОМУ
22-октябрь 2014-жыл Нарын шаары
Насыров Керимбек Боколовичке Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Насыров Керимбек Боколович 1965-жылы 2-апрелде туулган. Өзүнүн эмгек жолун 1986-жылы Нарын ПЭСте мастер болуп иштөө менен баштаган.1987-жылдан 1992-жылга чейин ушул эле мекемеде улуу мастер болгон.1992-жылдан 1994-жылга чейин СНТБда эксплуатация боюнча инженер, 1994-жылдан 1996-жылга чейин Нарын ПЭСинде начальник, 1996-1998-жылга чейин Нарын РЭСте начальник,1998-жылдан 2000 –жылга чейин КРнын Өкмөтүнө караштуу энергия жана газ боюнча мамлекеттик инспекциясында улуу инспектор, 2000-2001-жылдары Нарын ПЭСте инженер, 2001-2002-жылдары «Востокэлектро» акционердик коомунда инженер,2002-жылдары ушул эле акционердик коомдо ПТСтин начальниги, 2004-жылдан 2005-жылга чейин башкы инженер, 2005-жылдан баштап дтректордун милдетин аткаруучу, 2005-жылдан 2009-жылга чейин директор, 2009-жылдан 2010-жылга чейин «Востокэлектро» акционердик коомунда инженер-инспектор,2010-жылдан бүгүнкү күнгө чейин «Востокэлектро» акционердик коомунда техникалык директордун орун басары болуп эмгектенип келүүдө.
Насыров Керимбек Боколовичтин энергетика тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгектери жана жетишкендиктери үчүн «Чыгышэлектр» ачык акционердик коомунун Нарындагы филиалынын эмгек жамаатынын сунушу менен туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кещешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Энергетика тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгектери жана жетишкендиктери үчүн Насыров Керимбек Боколовичке Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
- Жобого ылайык Насыров Керимбек Боколовичке атайын жазалган үлгүдөгү Нарын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси жана күбөлүгү тапшырылсын.
Төрага Э.Турсуналиев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, К.Насыровго.