НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ XVIII СЕССИЯСЫНЫН
№ 6/12 ТОКТОМУ
22-октябрь 2014-жыл Нарын шаар
Осмоналиев Мирлан Абдрахманович Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Осмоналиев Мирлан Абдрахманович 1990-жылы Скрябин атындагы айыл чарба институтуна кирип 1995- жылы артыкчылык диплому менен аяктаган. 1995-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде экономикага каршы күрөшүү кызматында иштеп, 2001-2002-жылы Финансы полициясынын Чүй облусу боюнча башкармалыгында ыйгарым укуктуу кызматкер, 2002-2005-жылдары Финансы министрлигинин алдындагы, Финансы полициясынын Чүй жана Талас облустары боюнча регионалдык башкармасында Ыйгарым укуктуу кызматкер, улуу ыйгарым укуктуу кызматкер, 2005-2008-жылдары Кыргыз Республикасынын Финансы полициясында ыйгарым укуктуу кызматкер, улуу ыйгарым укуктуу кызматкери, 2008-2009-жылдары Финансы полициясынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгы, Нарын облусттары боюнча бөлүмүндө, ыйгарым укуктуу кызматкер, Өзгөчө маанидеги иштер боюнча улуу ыгарым укуктуу кызматкер, Финансы полициясынын Чүй облусу боюнча башкармалыгында ыйгарым укуктуу кызматкер, 2010-жылы Кыргыз Республикасынын Финансы полициясы Өзгөчө маанидеги иштер боюнча улуу ыйгарым укуктуу кызматкер, 2010-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Финансы полициясында Өзгөчө маанидеги иштер боюнча улуу ыйгарым укуктуу кызматкер, 2011-2012-жылы Финансы полициясынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгында бөлүм башчы, 2012-жылдан Бүгүнкү күнгө чейин Финансы полициясынын Нарын облусу боюнча бөлүмүнүн башчысы.
Кыргыз Республикасынын Финансы полициясынын Нарын облусу боюнча бөлүмү 2012-жылдын июнь айынан бүгүнкү күнгө чейин 62 иш карап чыгып, алардын ичинен 30 кылмыш ишин козгогон, каралган иштер боюнча мамлекетке зыян келтирген сумма 5 164 909 сомду түзүп, анын ичинен малекетке 3 180 294 сом өндүрүлгөн.
Кыргыз Республикасынын финансы полициясындагы эмгектери үчүн Осмоналиев Мирлан Абдырахмановичке Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндөгү Нарын шаардык мэриясынын сунушунун жана депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Нарын облусу боюнча Экономикалык кылмыштуулукка күрөшүү кызматындагы үзүрлүү эмгектери үчүн Осмоналиев Мирлан Абдрахмановичке Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Жобого ылайык Осмоналиев Мирлан Абдрахмановичке атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” төш белгиси жана күбөлүгү ыйгарылсын.
Төрага Э.Турсуналиев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, Нарын облусу боюнча Экономикалык кылмыштуулукка күрөшүү кызматынын Нарын облусу боюнча бөлүмүнө, М. Осмоналиевге.