НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ XVIII СЕССИЯСЫНЫН № 6/15 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН  ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ XVIII СЕССИЯСЫНЫН

№ 6/15 ТОКТОМУ

22-октябрь  2014-жыл                                                                                                                          Нарын шаары

Ибраев Жолдошбек Чубаковичке   Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө

Ибраев Жолдошбек Чубакович 1966-жылы 28-апрелде Нарын шаарында туулган.1973-жылы Нарын шаарындагы С.М.Киров атындагы орто мектепке кирип, 1983-жылы ийгиликтүү аяктаган. Ушул эле жылы Фрунзедеги политехникалык институттун энергетика факультетине тапшырган. 1984-1986-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.1990-жылы жогорку окуу жайын ийгиликтүү аяктап, «Өнөр жай ишканаларын жана шаарларды электр менен жабдуу» адистиги боюнча «Инженер-электрик» квалификациясына ээ болгон. Алгачкы эмгек жолун 1990-жылы Нарын электр тармактары ишканасында релелик коргоо кызматынын устаты адистигинен баштаган.1992-1996-жылдары релелик коргоо кызматынын инженери, 1996-1998-жылдары ишенимдүүлүк жана коопсуздук жосундары (СНТБ) кызматынын инженери, жетектөөчү инженери  жана 1998-жылдан баштап акими болуп иштеген.2001-жылы Нарын электр тармактар ишканасынын башкы инженеринин  милдетин убактылуу аткаруучу. 2001-жылы « Кыргызэнерго» АКреструктуризация болгондон баштап  Нарын жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасынын шууту тезгемер кызматынын акими болуп иштеген. 2002-жылы комерциялык тезгемер кызматынын акими-башкы инженердин орун басары болуп эмгектенген. 2004-жылы Нарын жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасынын директору болуп  дайындалып, 2005-жылга чейин иштеген.2005-жылдан тартып Нарын жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасынын  башкы инженери болуп эмгектенип келе жатат. Нарын облусунун калкын, өнөр жайын, айыл чарбасын электр энергиясы менен камсыз кылууда  алгылыктуу салымымдарын кошкон. Мисалы:35-10кв «Баетов», «Ипподром», «ЖБИ», «Шаркыратма» көмөк чордондорунун курулушуна жана ишке киргизилишине, 110/6 кв «Макмал» , 110/35/10 кв « Ала Тоо», «Торугарт», 220кв « Ак Кыя» көмөк чордондорунда релелик коргоосун ишке киргизүүгө түздөн түз катышкан.220, 110 кв электр тармактарынын эсебинен тактап, техникалык жоготууларын төмөндөтүп нормативге жеткирүүгө жетишкен.Көмөк чордондорду аба чубалгыларын реконструкциялоо, эскилиги жеткен электр жабдууларын алмаштыруу боюнча алгылыктуу иштерди жасап, жетектеп келе жатат.

Жогорудагы эмгектери бааланып, бир нече жолу ишкананын «КУЭТ» ААКнун, Нарын шаарынын жана Нарын облусунун мамлекеттик администрациясынын “ Ардак грамоталары”, КМШ өлкөлөрүнүн электр энергетикалык Кеңешинин «Ардак грамотасы» , Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлк фондусунун «Ардак грамотасы» менен сыйланган. 2010-жылы КМШ өлкөлөрүнүн электр энергетикалык кеңешинин чечими менен «КМШнын эмгек сиңирген энергитиги» төш белгиси тапшырылган. 2012-жылы Кыргыз Республикасынын энергетикасынын отличниги -«Каарман» төш белгиси менен сыйланган. 2012-жылы Нарын шаардык Кеңешинин «КСДП» фракциясынан депутат болуп шайланган.

Энергетика тармагындагы үзүрлүү эмгектери, кошкон салымдары  жана жетишкендиктери үчүн Нарын жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасынын сунушунун негизинде  туруктуу комиссиянын протоколуна ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

 

                                                                         ТОКТОМ КЫЛАТ

1.       Энергетика тармагындагы  зор эмгектери жана кошкон салымдары жана жетишкендиктери  үчүн Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан, Нарын шаарынын « Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

 

2.       Жобого ылайык Ибраев Жолдошбек Чубаковичке  атайын үлгүдөгү жазалган Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси жана күбөлүгү тапшырылсын.

          Төрага                                                                                                                Э.Турсуналиев

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, Ж.Ибраевге, Нарын шаардык мэриясына

Обсуждение закрыто.