НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XII СЕССИЯСЫНЫН № 3 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН  ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ                                       КЕЗЕКТЕГИ     XII         СЕССИЯСЫНЫН

 

  № 3 ТОКТОМУ                                                                                  

3-апрель  2014-жыл                                                                                                                           Нарын шаары

            Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын, Нарын облусунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын, Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментинин  ишмердүүлүгү  жана шаар элине кызмат көрсөтүүдө “Бирдиктүү терезе” кызматынын аткарып жаткан иштери жөнүндө

            Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо  башкармалыгынын маалымат базасында 40652  кыймылсыз мүлк бирдиги  тууралуу маалымат болсо, мунун ичинен Нарын шаарына тиешелүү 12632 кыймылсыз мүлк бирдиги сакталган.Жалпы базасында 13023 жеке менчик турак үйлөрдүн 5449 у Нарын шаарына тиешелүү. Ал эми 4014 квартира катталса, мунун ичинен 3643 квартира Нарын шаарына тиешелүү, өндүрүш багытындагы кыймылсыз мүлктүн жалпы саны 68 болсо, мунун ичинен 68и Нарын шаарына тиешелүү.                  Жер аянттары боюнча алганда 3219  кыймылсыз мүлк бирдиги турак жай үчүн бөлүнүп берилген жер участокторунан 1029 кыймылсыз мүлк бирдиги  Нарын шаарынын муниципалдык жерлери.Комерциялык обьектилердин  475 болсо, 376сы шаарга тиешелүү, социалдык обьектилер194 болсо, анын 86сы шаарга тиешелүү, 34 маданият обьектилеринин 13 шаардыкы, 132 административдик оьектилердин 107си шаарга тиешелүү,16062 айыл чарба багытындагы жер участокторунун 7си шаарга тиешелүү, 342 айыл чарба багытындагы курулуштардан 4 шаарга тиешелүү, 347 башка багыттагы кыймылсыз мүлктөрдүн 207си Нарын шаарынын ичиндеги оьектилер бөлүп катталган.                                                                                                                              Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасында эки бөлүм иш алып барат.Жерге жайгаштыруу жана каттоо бөлүмдөрү.                Жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн негизги функцияларына укук күбөлөндүрүүчү  документтерди берүү, жер категориясынын 8 түрү боюнча жерлердин  эсебин жүргүзүү менен маалымат берүү, айыл чарба багытындагы жерлер боюнча болгон өзгөрүүлөрдү жылдык жер  отчетко киргизүү жана тиешелүү формаларга ылайык отчет берүү,  жердин категориялары боюнча трансформация боло турган жерлерди сунуштоо, кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык паспортторду берүү жумуштары кирет.                                                                                         Каттоо  бөлүмүнүн негизги функцияларына кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды жана чектөөлөрдү каттоо, кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү реестрди жүргүзүү, кыймылсыз мүлктү каттоо  боюнча автоматташтырылган маалымат базасын алып баруу, каттоо системасынын негизги документтери болгон каттоо карталарын, каттоо карточкаларын, каттоо журналдарын, каттоо иштерин жүргүзүү жана сактоо, кыймылсыз мүлк бирдиктери тууралуу маалымат, справкаларды берүү, кыймылсыз мүлк рыногуна анализ жүргүзүү жана наториалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбаган ажыратуу келишимдерин каттоо кирет.                                                 Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан кызмат көрсөтүү акылары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен макулдашып, бекитилген кызмат көрсөтүү акысынын негизинде алынат.                                                          Кыймылсыз мүлк бирдигине укуктарды каттоо алгачкы мамлекеттик каттоо жергиликтүү каттоо органына арыз бергенден баштап   7 жумуш күндүн ичинде ишке ашат. Ал эми укугу мурда катталган кыймылсыз мүлккө укуктарды  каттоо  2  жумуш күндүн ичинде катталат. Укук күбөлөндүрүүчү документтер 10 күндө, тех.паспорт 6 күндө даярдалып берилет.                                                                                                                     Нарын аймактык  жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы  2005-жылдан бери толук чарбалык эсептеги  мекеме,  башкача  айтканда өзүн өзү каржылоочу мекеме болуп эсептелинет. 2013-жылгаберилген план   башкармалыкка 5млн 200 миң сом болсо аткарылганы 6 млн 033,4 миң сом болуп, план 116 пайызга аткарылган. Мунун ичинен каттоо бөлүмүнө 2млн 650 миң сом план коюлса, аткарылганы 3 млн 339 миң сомду түзүп, 126 пайызды , ал эми жерге жайгаштыруу болүмүнө берилген план 2 млн 550 миң сом болсо, факт жузүндө аткарылышы 2 млн 694,5 сом болуп,  105 пайзды түзөт. Бул акча каражаттардын ичинен Нарын шаардык салык башкармалыгына  транспорт салыгы үчүн 1411 сом, жер салыгына 5100 сом,айыл чарбасы эмес багыттагы жер салыгы үчүн 9800 сом акча каражаты которулуп берилет.

 Мындан сырткары сатуудан түшүүчү салык (налог с продаж)  Нарын шаары боюнча шаардык салык башкармалыгына 2012-жыл үчүн 63298 сом, 2013-жыл үчүн 70187, 61 сом  которулган. Бүгүнкү күндө башкармалыктын дебитордук жана кредитордук карыздары жок.                      Иш кагаздар боюнча  2013-жыл ичинде башкармалыкка Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнөн жана жогорку жактардан жалпысынан 1128 арыз каттар, буйруктар, инструкциялар, токтомдор келген. Мунун ичинен  КР Өкмөтүнөн 6,  КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын кадастр жана кыймылсыз мулккө укуктарды каттоо департаментинен 191, КР Нарын облустук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн 8, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынан  67, Нарын шаардык мэриясынан 87, мекеме- ишканалардан 691 ар кандай мазмундагы каттар келип түшкөн. Шаар айыл тургундарынан 78 арыз түшкөн. Арыздардын 59 на тиешелүү жооптор берилип, 19у аткаруу үчүн көзөмөлүндө турат.                                                             Бирдиктүү терезе боюнча 2011-жылы 93, 2012-жылы 135, 2013-жылы 125 бүтүм даярдалып Нарын шаардык мэриясынын алдындагы “Курулуш куруу жана жер комиссиясынын” кароосуна сунушталган. Жер комиссиясынын  протоколунун жана чыккан буйруктун негизинде жер аянты боюнча мамлекеттик каттоодон өтүшүп, тиешелүү документтери алынып, шаардык архитектура башкармалыгы, шаардык муниципалдык менчик департаменти менен биргеликте жер аянттары кесилип, такталып берилүүдө.

                                                                                                                      Туруктуу комиссиянын депутаттары Нарын шаардык Кеңешинин 2014-жылга карата түзүлгөн иш планынын негизинде Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө каттоо башкармалыгынын ишмердүүлүгү менен жеринде барып таанышкан мезгилде  16.10.2008 –жылдагы № 580 КР Өкмөтүнүн атайын токтомунун негизинде Нарын шаарынын муниципалдык менчигинде турган айрым обьектер тиешелүү акча каражатын тогүп, каттоодон өтүп документтерин албай жатышкандыгы маалым болду. Бул обьектерди каттоодон өткөрүү боюнча бир нече ирээт кат менен кайрылып жатышкандыктарын билдиришкен.

                                                           Нарын облусунун шааркурулушу  жана архитектура башкармалыгы калкты жеке турак жай курууга жер менен камсыз кылуу үчүн  “Бирдиктүү терезе”  бөлүмү иш алып барат. Бирдиктүү терезе  бөлүмү  жуманын биринчи жана бешинчи  күндөрү шаар элине кызмат көрсөтөт. 2013-жылы башкармалык тарабынан 106 бүтүм  даярдалып, алардын баардыгы  жер комиссиясына сунушталган. Комиссияга кирип комиссиянын протоколунун жана шаардык мэриянын буйругунун негизинде  62 архитектуралык куруу схемасы даярдалып берилген.

 2013-жылы капвложенияга кирген обьктилер боюнча облустук неврология бөлүмүнүн имаратынын долбоорунун сметасы  жана Ак-Бечел суу алуучу жайдын  долбоорун түзүүгө архитектуралык жана инженердик пландоо шарттары аткарылган. АгаХан борбордук азия универститетине (жатакана,офис, столовая) долбоорлору  ушул эле окуу жайдын 400 орундук кампустун(окуу корпус) жана жатаканасынын долбоору макулдашылып курулуш курууга уруксаат берилген.                                                                                                                                      

 Ал эми архитектура башкармалыгы тарабынан шаарды көрктөндүрүү боюнча  бир катар иштер аткарылган. Алсак  Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын имаратынын тышкы келбети боюнча , Моссковский аймагында жайгашкан Ж.Акималиев атындагы парктын айланасын тосуу жана кире бериш дарбазасынын долбоорлору жана  сметасы аткарылган. Борбордук көчөнүн түштүк тарабындагы тротуардын Профсоюздан –Таалай көчөсүнө чейинки долбоору жана сметасы, борбордук көчөнүн  боюндагы аялдамалардын долбоорлору, №1 Токтогул орто мектебинин чатырынын долбоору жана сметасы, С.Жакыпов паркын реконструкциялоо боюнча долбоор аткарылган.

 Бүгункү күндө шаардык архитектура башкармалыгынын аткарылган иштер боюнча аласасы шаардык мэриядан 350,0 миң сом, Нарын облусутук ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн 76, 0 миң сом, жалпысы 426,0 миң сомду түзөт.

            Туруктуу комиссиянын депутаттары архитектура башкармалыгынын ишмердүүлүгү менен жеринде барып таанышканда акча каражатынын  өз учурунда чечилбей жаткандыгынына байланыштуу канча жылдан бери  Нарын шаарынын ген.планы бүткөрүлбөй жаткандыгын жана  башкармалыкка орг. техникалардын жетишсиздигин айтышкан.  “Бирдиктүү  терезе”  боюнча  инженердик техникалык шарттарды  бүткөрүүдө арыздарга өз убагында жооптор берилбей калган. Себебин сураган мезгилде кызматкерлердин жетишсиз  болгондугуна байланыштуу өз убагында жумуштар аткарылбай калууда деген жоопторду беришкен.

Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментинде шаардын муниципалдык менчигинде 69 обьект бар. Шаарда жер аянтын жана обьектини убактылуу пайдаланууга алып ижара акысын төлөп туруу боюнча келишим түзгөн жалпы шаар тургундарынын  саны   657. Мунун ичинен АЗС-9, гараж-876, соода түйүнү 401 (аялдамадагы соодо түйүндөр), огород 141, автоунаа жуучу жай -4, рекламалык щиттер 11, турак жай эмес имараттар 4.

2013-жылга карата департаментке  ижара акысын аткарууга 1600,0 миң сом  план берилсе 1590,0сомго же 99,4 пайызга, жер аянтын сатууга 500,0 сомго план берилсе бул каражат толугу менен 100 пайызга аткарылган.

Департаментин финансылык абалы боюнча  кредитордук карыздары 2014-жылдын 1-январына карата соц. фондко 80138 сом, жер салыгына жана киреше салыгына 87600 миң сомду түзөт.

Гараждар боюнча Борбордук, Раззаков, 64, Городок аймактарында кыдыруулар болуп 691 билдирүү жазуу жүзүндө берилип, шаар тургундарына телевидение аркылуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, натыйжасында 135 шаар тургуну менен келишимдер түзүлүп,  85934 сом ижара акысы, 26245 сом жер салыгы, жалпы 112 179 сом өндүрүлгөн.

Аялдамалар боюнча Нарын шаардык мэриясынын 2.07.2011-жылдагы №261-б буйругунун негизинде  жана Нарын шаарынын 145 жылдыгына карата  “Раззаков” аймагынан “Городок” аймагына чейинки 17 аялдаманын 14 аялдамасы бузулуп  Нарын шаарынын чөлкөмдөрүнө берилген акча каражаттын, муниципалдык менчик департаментинин өздүк каражатынын эсебинен,  “Компаньон” микрокредиттик  компаниясынын эсебинен жаңы аялдамалар жасалып, айрымдары реконструкцияланып жана ремонттон өткөрүлгөн.  Городок аймагынан  Интернат аймагына чейинки аялдамалар ижара ээлеринин акча каражаттары жана Нарын шаардык мэриясынын резервдик фонддон болүнгөн акча каражаттарынын эсебинен ремонттолуп бүткөрүлгөн.

Нарын шаарынын борбордук базарын ирээтке келтирүү боюнча Нарын шаардык Кеңешинин токтомдорун,   Нарын шаардык мэриясынын буйруктарын аткарууда көчө жээгинде соода кылуучуларга түшүндүрүу иштери жүргүзүлүп, жаңы ачылган соода түйүндөрүнө жайгаштыруу боюнча комиссия тарабынан иш аракеттер жүргүзүлүп жатат.Базардын айланасын ирээтке келтирүү боюнча атайын штаб түзулүп, штабдын отуруму өткөрүлүүдө. Борбордук базардын айланасында муниципалдык жер аянттарын алып, соода күркөлөрүн жайгаштырган шаар тургундарынын саны 53. Жалпы 1456, 9 чарчы метр жер аянты ижарага берилген. Булардын баардыгы муниципалдык менчик департаменти менен биргеликте атайын эки тараптуу келишим түзүп ижара акыларын төлөп келишүүдө.Жалпы бир айда төлөнүүчү ижара акынын суммасы 38507 сомду түзөт. 2013-жылы 53 сот процесси болуп,  алардын   ичинен 6 иш ижара акысын өндүрүү боюнча сот органдарына берилип,  39856 сом акча каражаты өндүрүлгөн.

Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментине 2013-жыл ичинде 976  иш кагазы катталса, мунун ичинен 623ү арыздар ( мунун ичинен 544ү “Бирдиктүү терезе” бөлүмүнө  тиешелүү), ал эми калганы  шаардык мэриядан, шаардык Кеңештен жана мекеме ишканалардан келген токтомдор, буйруктар ж.б иш кагаздар.

Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментинде 2010-жылдын  ноябрь айынан баштап  “Бирдиктүү терезе” бөлүмү уюшулган. “Бирдиктүү терезе” бөлүмүндө  Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын, Нарын шаардык архитектура башкармалыгынын жана шаардык муниципалдык менчик департаментинин бирден адистери отуруп шаар элинен келген  арыздарды карап, жеринде көрүп, мыйзамдуулары жер комиссиясына сунушталат. Нарын шаарына турак жай салуу үчүн 2005-жылдан 2013-жылга чейин жалпы 1335 жаран арыз менен кайрылган. Алардын ичинен 882си документтери толук болбогондуктан кайтарылган. Турак жай куруу үчүн жер сурап кайрылган жарандар жер комиссиясынын атайын протоколунун негизинде  2013-жылдын август айынан баштап кезекке коюлуп тейленип келүүдө.      

“Бирдиктүү терезе” бөлүмүнө 2010-жылдан бери документтери толукталып Нарын шаардык мэриясынын алдындагы курлулуш куруу жана жер пайдалануу комиссиясынын кароосуна сунушталган жарандардын документтеринин жалпы саны 628, мунун ичинен 163 жаранга турак жай курууга, ал эми 213 жаранга убактылуу ижарага пайдаланууга жер аянттары берилген.

“Бирдиктүү терезе” бөлүмүнө келген көпчүлүк арыздар жеринен текшерилип анын ичинен складка, гаражга, павильонго, авто тетик оңдоочу жайга, мончо, дүкөн, дарыкана курууга, жеңил типтеги контейнер, рекламалык шит орнотууга, жашылдандырууга жана көрктөндүрүүгө жер сурап жазган арыздарынын көпчүлүгү канааттандырылган. Айрымдары такталып акт түзүлуп сот органдарына жиберилген.

Туруктуу комиссиянын депутаттары жеринде барып муниципалдык менчик департаментинин ишмердүүлүгү менен жеринде барып таанышкан  мезгилде,  айрым муниципалдык менчик обьктилерди каттоодон өткөрүп күбөлүк алууга, мекемеге жылуулук системасын орнотууга  жана жаңы аялдамаларды курууга,   рекламылык  такталарды орнотууга акча каражатын  чечип берүү маселелери менен кайрылышкан.

 Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо  башкармалыгынын, Нарын облусунун шааркурулушу жана  архитектура боюнча башкармалыгынын, Нарын шаардык муниципалдык менчик департаменттеринин аткарып жаткан иштери жөнүндө билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                             ТОКТОМ КЫЛАТ

1.      Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын, Нарын облусунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын, Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментинин  ишмердүүлүгү  жана шаар элине кызмат көрсөтүүдө “Бирдиктүү терезе” кызматынын аткарып жаткан иштери  боюнча жетекилердин  билдирүүлөрү эске алынсын.

2.      Нарын шаарындагы айрым муниципалдык  обьектилер каттоодон өтүүгө мөөнөтү өтүп жатса да, Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын бир нече ирээт кайрылуусунун негизинде     16.10.2008 –жылдагы № 580 КР Өкмөтүнүн токтомун аткарууга   Нарын шаардык мэриясы  (Б.Жээналиев), шаардык муниципалдык менчик департаменти (М.Мамбетакунов)  тиешелүү   деңгээлде иш аракеттер жүргүзулбөй жаткандыгы белгиленсин.                                                                                    Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо  башкармалыгы берген тизмеге ылайык, Нарын шаарындагы инвентаризациядан өткөрүлүп,  каттоодон өткөрүлбөй жаткан айрым муниципалдык менчик обьектилерин жыл аягына чейин мамлекеттик каттоодон өткөрүп,  күбөлүктөрүн алуу жагы  билим берүү мекемелери боюнча   шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси  У.Турсуновдун , парктарды,  скверлерди каттоодон өткөрүү жашылдандыруу мекемесинин жетекчиси А.Токоновго,   ал эми калган обьектерди каттоодон өткөрүп тиешелүү документтерин алуу Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментинин жетекчиси М.Мамбетакуновдун  персоналдык милдети деп белгиленсин жана бул токтомду аткаруу Нарын шаарынын мэри Б.Жээналиевге тапшырылсын.

3.      Нарын шаардык   архитектура башкармалыгы тарабынан бир учурда эки жаранга берилип жаткан бүтүмдөр  кайсыл Мыйзам актылардын негизинде  аткарылып жаткандыгы боюнча  сессияга катышкан депутаттарга түшүндүрүп берүү жагы тапшырылсын.

4.      Нарын облусунун шаар курулушу жана архитектура   башкармалыгы тарабынан аткарылган иштери үчүн акча каражатын өз убагында чечип берүү жагы Нарын шаарынын мэри Б.Жээналиевге тапшырылсын.

5.       3 айлык мөөнөттө Нарын шаарынын ген.планын бүткөрүү үчүн тийиштүү мекемелер менен сүйлөшүү жүргүзүп, келишим түзүү жана ага   тиешелүү акча каражатын табуу шаардын мэри Б.Жээналиевге  милдеттендирилсин.

6.      Нарын шаардык муниципалдык менчик департаменти (М.Мамбетакунов) берилген финансылык планды аткарууга, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн  көбөйтүүгө карата жеткиликтүү иш аракеттер көрсүн, муниципалдык жер аянттарын ижарага берүүдө жаңы тарифтерди  сунуштоо  жагы тапшырылсын.

 

7.      “Бирдиктүү терезе” кызматы шаар элин тейлөөдө жуманын белгиленген күндөрү шаардык муниципалдык менчик департаментинин атайын “Бирдиктүү терезе” бөлүмүндө  милдеттүү түрдө шаар элин кабыл алып Мыйзам чегинде иш алып баруу жагы тапшырылсын.

 

   Төрага                                                                    Э.Турсуналиев    Каттоо№2014-8

Жөнөтүлсүн : иш кагазга, шаардык мэрияга, жерге жайгаштыруу болүмүнө, архитектура башкармалыгына, ММДне

Обсуждение закрыто.