НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ  XXIV СЕССИЯСЫНЫН №5   ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

     IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ  XXIV СЕССИЯСЫНЫН

№5   ТОКТОМУ

              2-июль 2019-жыл                                                                                              Нарын шаары

       Нарын шаарынын архитектуралык башкы планы  бүткөнгө чейин муниципалдык            менчикте   турган объектилерди, жер тилкелерин сатууну жана жер аянттарынын  зоналарын өзгөртүүнү убактылуу токтотуп туруу жөнүндө.

 

Нарын шаардык Кенешинин 14-июнь 2016-жылдагы XXV чакырылыштагы XXXII сессиясын №2 токтому менен Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык Кенешинин «Ата-Мекен» фракциясынын депутатынын сунуштарынын негизинде шаардын башкы архитектуралык   планы бүткөнгө чейин муниципалдык менчик жерлерди, обьектилерди сатууну жана жер аянттарынын зоналарын өзгөртүүнү   2019-жылдын 14-июнуна чейин же 3 жылга токтотулган.

Бүгүнкү күндө шаардын башкы планы ар кандай жүйөлүү себептердин негизинде бүтпөй келүүдө. Ушуга байланыштуу, Нарын шаардык мэриясы 3 жылга узартып берүү боюнча  сунушун  киргизүүдө.

Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 19-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамына, шаардык Кенештин Регламентине жана Нарын шаардык мэриясынын сунуш катына, шаардык Кенештин 2 туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык депутаттардын жалпы талкуусунан кийин Нарын шаардык Кенешинин сессиясы токтом кылат:

 

  1. Нарын шаарынын архитектуралык башкы планы түзүлүп бүткөнгө чейин шаардагы муниципалдык менчикте турган обьектилерди, жер тилкелерин сатууну жана жер аянттарын зонадан зонага которуу жагы   убактылуу токтотулсун.

 

  1.  Нарын шаарынын социалдык — экономикалык  өнүгүүсүнө өзгөчө зарыл маселелер жаралган  жана инвестициялар тартылган учурда ушул токтомдо көрсөтүлгөн 1-пунктка өзгөртүү, толуктоо киргизүү жагы белгиленсин.

 

  1. Нарын шаарынын архитектуралык  башкы  планын 1-январь 2020-жылга чейин  бүткөрүү  жана түзүп жаткан башкы планга  толуктоолорду  киргизүү жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нарын шаардык Кенешинин  алдындагы «Муниципалдык менчик, жер,  турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча» жана «Мыйзамдуулук, укук тартиби коргоо, Регламент, мандат, этика, коррупцияга  каршы күрөшүү боюнча» туруктуу комиссияларына, Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

 

   Төрага                                                                                                          Ж.Ботоканов

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, Нарын облустук юстиция башкармалыгына, шаардык мэрияга,  туруктуу комиссияларга, ММБИ;

Добавить комментарий