Нарын шаарынын муниципалдык балансында турган имараттардын ижара акыларынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

  Нарын шаарынын муниципалдык балансында турган имараттардын ижара акыларынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө

  Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик  администрация  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдарынын жана Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча”, “Муниципалдык менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча”  туруктуу комиссияларынын жана Нарын шаардык мэриясынын сунуштарына ылайык Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын муниципалдык балансында турган имараттардын ижара акыларынын өлчөмү, көз карандысыз баалоочунун корутундусунун негизинде тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
  2. Ижарага берүүдөгү тиешелүү иш кагаздарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул токтомго ылайык келтирүү жагы Нарын шаардык мэриясына жана Нарын шаардык калкка кызмат көрсөтүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча муниципалдык ишканасына тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                А.Молдосалиев

 

 

Ижара_тариф тиркеме

 

Добавить комментарий