НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХXVII СЕССИЯСЫНЫН
№ 1 ТОКТОМУ
21- ноябрь 2019-жыл Нарын шаары
Нарын шаарынын 2019-жылдын 9 айында социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу Нарын шаарынын мэри Н.А.Молдокадыровдун отчету жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине ылайык Нарын шаарынын мэри Н.А.Молдокадыровдун 2019-жылдын 9 айында Нарын шаарында аткарылган иштердин абалы жөнүндө маалыматын угуп, талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1.Нарын шаарынын мэри Н.А.Молдокадыровдун Нарын шаарынын 2019-жылдын 9 айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча сессияда депутаттарга берген маалыматы эске алынсын жана шаардык мэрия тарабынан айрым иштер аткарылганы белгиленсин.
- Нарын шаардык Кеңешинин 20-декабрь 2019-жылдагы XIX сессиясынын №1 токтому менен бекитилген Нарын шаарынын 2018-2022-жылдардагы өнүгүү программасын аткарууга карата Нарын шаардык мэриясы жана тармактык бөлүмдөрү тарабынан чечкиндүү иш аракеттер көрүлсүн, аткарылышы боюнча жылдын жыйынтыгы менен маалымат берсин.
- Нарын шаарынын мэриясына жана тиешелүү облустук, шаардык мекеме-ишканалардын жетекчилерине төмөндөгү иштерди аткаруу тапшырылсын:
— Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн, айрыкча салыктар жана салык эмес жыйымдарды көбөйтүүгө, планды ашыгы менен аткарууга өзгөчө көңүл буруу;
— базарларда, өз алдынча иштеген жеке ишкерлерден алынуучу патенттерди тактоо, ижарага берилген жер аянттардын, таштандыга төлөөчү абоненттердин санын тактоо, ага төлөнүүчү төлөмдөрүн убагында өндүрүү;
— шаарга инвестицияларды тартууга карата шаардык мекеме, ишканалар менен бирдикте чакан жана орто бизнестерди өнүктүрүүгө, шаарда жашаган калктын аярлуу катмарын турак жай менен камсыз кылуу үчүн көп кабаттуу турак жайларды куруу;
— шаардын инфраструктурасын жакшыртуу максатында шаардын ички жолдорун асфальттоо, тротуарларды оңдоо иштерин улантуу, тышкы жана ички туристтерге шаарда жүрүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында шаардын кире бериштерине жана шаардын белгиленген жерлерине заманбап коомдук ажатканаларды куруу, көчөлөрдү жарыктандыруу, жаңы конуштарга электр энергиясын жеткирүү;
— Нарын шаарынын башталган башкы планын бүткөрүү, баш аламан соода түйүндөрүн жана базарлардын айланасын ирээтке келтирүү, муниципалдык жер аянттарын тактоо, аларды каттоодон өткөрүү;
— шаардагы кеңселердин, мекеме-ишканалардын, соода түйүндөрүнүн, дарыканалардын жана башка калкка кызмат көрсөтүүчү, тейлөөчү ишканалардын сыртындагы көрнөк-жарнактарды Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил жөнүндө» Мыйзамдарына ылайык жүргүзүү;
-муниципалдык менчиктеги объектилердин жана жер участокторунун, муниципалдык ишканаларга, чарбалык жүргүзүү укугу менен, ал эми мекемелерге оперативдүү башкаруу укугу менен бекитилип берилген мүлктөргө, инженердик инфратүзүм объектилерге, кыймылсыз мүлктөргө инвентаризация иштерин жана Муниципалдык менчик объекттеринин реестрин жүргүзүүнү улантуу;
— шаардагы таштанды төгүүчү жайынын тосмолорун ирээтке келтирүү, рекультивация жумуштарын жүргүзүү, шаардын санитардык абалын жакшыртууга, айрыкча базарларга, ашканаларга, дүкөндөргө көзөмөлдү күчөтүү;
-шаардагы элге кызмат көрсөткөн коомдук жеке транспорт каттамдарынын белгиленген график боюнча жүрүшүн жана алардын патент алуусун камсыз кылуу боюнча көзөмөлдү күчөтүү;
— кылмыштуулукту алдын алууда, уюшкан кылмыштуулуктун идеологиясын колдогондорго, банги заттарына байланышкан кылмыштарга каршы ыкчам аракеттерди көрүү менен кырсыктын алдын алууга багытталган иш аракеттерди көрүү;
— коомдук тартипти, жол коопсуздугун алдын алууда, шаардын ичиндеги автоунаалардын жүрүүсүн ирээтке келтирүү, унаа тыгындарын болтурбоого карата жол белгилерин, видео көзөмөлдөрдү орнотуу;
— жумушсуздардын санын кыскартуу максатында жумушсуздарды ишке жайгаштыруу, кошумча жумушчу орундарын түзүү;
— окуучулардын билим сапатын жогорулатуу, мектептердин, бала бакчалардын материалдык-техникалык базасын чындоо, окуу китептери менен камсыз кылуу, инвестицияларды тартуу, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу;
— шаардагы балдар бакчасына тартылбаган балдарга кам көрүү максатында шаарга азыркы замандын талабына ылайык бала бакчаларды курууга инвестиция тартуу жана мурунку балдар бакчаларынын имараттарын муниципалдык менчикке кайтарып алуу маселесин чечүү;
— Нарын шаарында орун алган ооруларды алдын алууга карата чараларды көрүү, айрыкча өспүрүмдөр арасында жугуштуу инфекциялык оруларды алдын алуу, жаш балдардын өлүмүн кыскартуу, калктын саламаттыгын сактоодо, эмдөөдөн баш тарткан жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
— Нарын суу канал ишканасынын, Нарын райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмесинин, Нарын электр тармактар ишканасынын дебитордук, кредитордук карыздарын жоюу, өндүрүүгө аракеттерди көрүү;
— жылуулук берүүчу отканалардын 2019-2020-жылдардын күз-кыш мезгилинде жылуулук энергиясын үзгүлтүксүз берилишине, отканалардын үзгүлтүксүз иштешине карата чараларды көрүү;
— кыш мезгилинде шаардын калкын үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо, объектилерде авариялык бүлүнүүлөрдү болтурбоо үчүн зарыл болгон чараларды көрүү;
- Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарынын сессиядагы сунуштарына ылайык Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясында Нарын шаарынын мектептеринде, балдар бакчаларында окуу, тарбия иштеринин жалпы абалы жана шаардык спорт мектептеринин аткарып жаткан иштери өзүнчө каралсын.
- Токтомду аткаруу Нарын шаардык мэриясына жана тиешелүү шаардык, облустук мекеме, ишканалардын жетекчилерине жүктөлсүн.
- Токтомду көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага Ж.Ботоканов
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, шаардык мэрияга, ички иштер, билим берүү бөлүмдөрүнө, ММИге, «Таза-Нарын», суу канал, жылуулук берүү, электр тармактар ишканаларына, ҮДТна.