НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ VI СЕССИЯСЫНЫН №4 ТОКТОМУ

shapka-toktom

              НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  VI СЕССИЯСЫНЫН      

 №4 ТОКТОМУ

           6-апрель 2017-жыл                                                                                                                 Нарын шаары

Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин 4-июнь  2004-жылдагы №2 токтому менен бекитилген  Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» зоналарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө 

Нарын шаарындагы Таалай көчөсү №119 дарегинде жайгашкан мурунку ЖБИнин короосунан  Р.Нуракунова 1122,3 чарчы метр, Б.Өмүралиев3266,7 чарчы метр, К.Адылов 1081,0 чарчы метр жер аянттарын сатып алышкан. Жер аянттарына Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан мамлекеттик акт алышкан. Бирок архитектура башкармалыгы тарабынан  курулуш иштери боюнча башкы пландары чийилген эмес. Шаар тургундары  жогорудагы жер аянттарын турак жай зонасына которуп берүү боюнча  арыз менен Нарын шаардык Кеңешинин XXVI чакырылыштагы депутаттарына  бир нече ирээт  кайрылышкан.Нарын шаардык Кеңешинин сессияларында бул маселе депутаттардын колдоосуна ээ болбой, арыз ээлери тарабынан маселени сессияда каратуу боюнча райондор аралык сотуна да кайрылып, маселе соттук отурумдарда да каралып келген.

    Жер аянттарын турак жай зонасына которуп берүү боюнча Нарын шаарындагы Таалай көчөсүнүн жашоочулары 2017-жылдын февраль айында шаардык мэрияга жана шаардык Кеңешке  кайрадан арыз менен кайрылышкан.

    Арыз шаардык Кеңештин алдындагы  Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология  боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда  арыз ээлери менен биргеликте каралып, арыз ээлери тарабынан шаардык архитектура башкармалыгынан жер аянттарын П-1 (зона промышленных и производственных предприятий ) зонасынан Ж-1 (зона индивидуальной  усадебной жилой застройки  ) зонасына   которууга карата №104,№109, №105 бүтумдөрү жана шаардык салык башкармалыгынан жеке менчик жер  ээлерине жер салыгы боюнча карызы жок деген маалыматтар берилген. Туруктуу комиссия арыз ээлеринин маселесин шаардык Кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибине киргизүү боюнча сунушун беришкен.

Жогорудагылардын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы

                                                      ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Нарын шаарынын Таалай көчөсү 119 дарегинде жайгашкан мурунку ЖБИнин короосунан  Р.Нуракуновага таандык 1122,3 чарчы метр, Б.Өмүралиевге таандык 3266,7 чарчы метр, К.Адыловго таандык 1081,0 чарчы метр жер аянттары Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» көрсөтүлгөн зоналарга өзгөртүүлөр киргизилип, аталган жер аянты П-1 (зона промышленных и производственных предприятий ) зонасынан Ж-2 (зона индивидуальной  усадебной жилой застройки ) зонасына  сессияга катышкан  көпчүлүк депутаттардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгы менен   которулсун. (Макул-22,каршы-3)
  1. Нарын шаарынын Таалай көчөсү 119 дарегинде жайгашкан мурунку ЖБИнин короосунан Р.Нуракуновага таандык 1122,3 чарчы метр, Б.Өмүралиевге таандык 3266,7 чарчы метр, К.Адыловго таандык 1081,0 чарчы метр жер аянттары боюнча Нарын шаарынын «Курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги» көрсөтүлгөн картага өзгөртүүлөрдү киргизүү Нарын шаардык  мэрясына , шаардык архитектура башкармалыгына, Нарын аймактык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгына  тапшырылсын.

          Төрага                                                                                                                 Ж.Ботоканов

______________________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга, шаардык архитектура башкармалыгына, жерге жайгаштыруу башкармалыгына, салык башкармалыгына, арыз ээсине.

Добавить комментарий