НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ VII СЕССИЯСЫНЫН №1 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ VII  СЕССИЯСЫНЫН

№1 ТОКТОМУ

12-апрель 2017-жыл                                                                                                       Нарын шаары

 

Нарын шаардык мэриясынын 1-вице мэри кызмат ордуна сунушталган Н.А.Молдокадыровго макулдук берүү жөнүндө

 

Нарын шаарынын  мэри Э.Алымкулов шаардык Кеңешке 2017-жылдын 12-апрелинде        № 03\688 чыгыш каты менен  Нарын шаарынын 1-вице мэри кызмат ордуна Молдокадыров Нурбек Асыранкуловичке макулдук берүү боюнча кайрылган. Сунуш кат шаардык Кеңештин кезексиз сессиясынын күн тартибине  жалпы депутаттардын талкуусуна коюлган.

Шаардын мэри Э.Алымкулов  кезексиз сессияда билдирүү жасап, өз билдирүүсүндө Нарын шаарынын 1-вице мэри кызмат ордуна  шаардык Кеңештин “Кыргызстан”  фракциясынан Молдокадыров Нурбек Асыранкуловичтин  жана “Өнүгүү-Прогресс”  фракциясынан Иманкулов Адилет Кайратбековичтердин талапкерлиги көрсөтүлгөндүгүн, талапкерлердин ичинен Молдокадыров Нурбек Асыранкуловичтин иш тажырыйбасы туура келип жаткандыгына токтолуп, Кыргыз Республикасынын  “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 44-беренесинин 3-пунктуна ылайык макулдук берүүнү  сураган.

 Нарын шаарынын мэри Э.Алымкуловдун Нарын шаарынын 1-вице мэри кызмат ордуна Молдокадыров Нурбек Асыранкуловичке макулдук берүү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин  кезексиз сессиясы

                                                      ТОКТОМ КЫЛАТ

 

  1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 44-беренесинин 3-пунктуна ылайык,   Нарын шаарынын 1-вице мэри кызмат ордуна Молдокадыров Нурбек Асыранкуловичти дайындоого макулдук берилсин.
  2. Бул токтомду аткаруу жана Нарын шаарынын 1-вице мэри кызмат ордуна Молдокадыров Нурбек Асыранкуловичти дайындоону Кыргыз Республикасынын Мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүү Нарын шаарынын мэри Э.Алымкуловго тапшырылсын.

Төрага                                                                                                                             Ж.Ботоканов

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга

Добавить комментарий