НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ VIII СЕССИЯСЫНЫН №2ТОКТОМУ
28-апрель 2017-жыл Нарын шаары
Нарын шаардык суу канал ишканасынын 2016-жылы шаардын элин таза суу менен камсыз кылууда жана ыплас сууларды кабыл алууда аткарган иштери жөнүндө
Нарын суу канал ишканасы шаардын калкын жана мекеме ишканаларды таза суу менен камсыз кылат жана ыплас сууларды кабыл алып тазалайт.2017-жылдын 1-январына карата Нарын шаарынын элине жана мекеме ишканаларына 1480,0 мин.м3 таза суу берилип,920,0миң.м3 ыплас суу кабыл алынып тазалоодон өткөрүлгөн. Мекеменин балансасында жалпы кубаттуулугу 7,92 миң м3/суткалык 4 суу алуучу жай иштейт. Алар: Орозалиев Касый атындагы Ак-Бечел суу алуучу жайы суткасына 6,0 миң м3, Батыш суу алуучу жайы суткасына 0,90миң/ м3, Теке-Секирик суу алуучу жайы суткасына 0,96 миң/м3, Кирпичный суу алуучу жайы -0,06 миң /м3 таза суу чыгарып турат. Ал эми Нарын шаары боюнча жалпы узундугу 108,79 км таза суу өтүүчү курулма бар. Алар: чыгыш чөлкөмүндө 8,90 км, Батыш чөлкөмүндө 7,94 км, Ак-бечел борбор чөлкөмүндө -89,03 км, кирпич завод 2,92 км.Суу алуучу колонкалардын саны 117 . Суткасына кубаттуулугу 6,0 миң м/3 ыплас сууларды тазалоочу жай, узундугу28,34 км канализация түтүктөрү бар. Нарын шаарында таза суу өтүүчү түтүктөр эски болгондуктан 2016-жыл ичинде 48 жолу жарылуу болуп, алар кайрадан оңдолуп калыбына келтирилген. Мындан сырткары ишкана тарабынан жыл сайын суу алуучу колонкалар нормага ылайык оңдоодон өткөрүлүп, шаар тургундарына суу алуучу колонкалардан мал сугарууга, автоунааларды жана башка буюмдарды жууп тазалоого тыюу салынып, түшүндүрүү иштери жүргузүлүүдө. Жыл ичинде канализация системаларында болгон 150 тыгындар тазалоодон өткөрүлгөн. Орозалиев Касый атындагы Ак-Бечел резервуары тазаланып, ыплас суу тазалоочу жай дезинфекциядан өткөрүлүп келет. Планда каралган 250 кудукчанын 170 тазаланып, 25 канализациялык кудукчанын оозу темир бетон капкакчалары менен жабылган. Мындан сыркары суу кудукчаларынын ичиндеги вентилдерден 35 даанасы алмашылып,28 даана зодвижка учурдук оңдоодон өткөрүлгөн. Суу кудукчаларынын 45 даанасынын ичтери тазаланып, 40 кудукча жана колонкалардын тегеректери тазаланып, бетондолгон. Көп кабаттуу үйлөр боюнча да келип түшкөн өтүнучтөрдүн негизинде 7 задвижка,47 вентиль, 340 метр суу түтугү алмаштырылган.Мындан сырткары подвалдардын канализациялык турбалары тазаланып, тыгындар кетирилип, жарылуулар оңдолуп калыбына келтирилип келет. 2016-жылы ишканага жергиликтүү бюджеттин эсебинен 8 өрт гидранттары алмаштырылып, орнотулган. 2017-жылдын 1-январына карата Нарын суу канал ишканасында катталган абоненттердин саны 8672 түтүн же 26502 киши 2015-2016-жылга салыштырмалуу абонеттердин саны 148түтүнгө, ал эми кишинин саны 178 кишиге көбөйгөн.Үйлөрүндө суу каналализация бар түтундүн саны 133кө көбөйүп,же 6%ды түзгөн, үйүнөн суу чыккандардын саны 298 түтүнгө көбөйүп, же 9%ды түзгөн, же 1238 кишиге көбөйгөн.Колонкадан суу алуучулардын саны 288 түтүнгө же 10%га же 1114 кишиге азайган. Мекеме ишканалар боюнча абоненттердин жалпы саны 300.Анын ичинен суу канализациясы барлар 78, үй ичинде суусу барлар 192, колонкадан суу пайдалангандардын саны 30. Ишкананын дебитордук карызы 2016-жылдын 1-январына карата 5936,3 миң сом болсо, 2017-жылдын 1-январына карата 4993,0 миң сомду түзүп,943,0 миң сомго азайган. Анын ичинен жалпы бюджеттен каржыланган мекемелердин карызы 661,9 миң сом чарбалык эсепте турган мекемелердин карызы 361,0 миң сом, элдин карызы 3970,0 миң сом. Дебитордук карыз 2016-жылы 2015-жылга салыштырмалуу 20%га, же 943,3 сомго азайган. Кредитордук карыздар 2016-жылдын 1-январына карата 3049,0 миң сом болсо, 2017-жылдын 1-январына карата 2257,2 миң сомду түзөт.Анын ичинен электроэнергия үчун 1462,6 миң сом, социалдык фондко 212,0 миң сом, күзөт кызматына 282,0 миң сом,салыка 300,0 миң сом. Кредитордук карыз 2016-жылы 2015-жылга салыштырмалуу 35%га азайган. Нарын суу канал ишканасы 2016-жылы 21835,8 миң сом акча каражатын чогултууну пландаса, план 22187,8 миң сомго же 101,6 %пайызга аткарылган. Суу канал ишканасында 72 жумушчу-кызматчы эмгектенет. 2016-жыл ичинде Нарын шаардык мэриясы аркылуу ишканага 39 арыз жиберилип, алар каттоого алынып, 13 арызга
мэриянын буйругу менен үйлөргө суу киргизүүгө уруксат берилген. Ал эми калган арыздарга тиешелүү жооптор берилген. Диспетчердик кайрылуу аркылуу жыл ичинде 608 арыз түшсө, мекемеге түз келип кайрылган арыздардын саны 205. Нарын суу канал ишканасына 2016-жыл ичинде 3 855 440 сомдун инвестициясы тартылган. Мындан сырткары жыл ичинде мекемеге тендер аркылуу 2 009 635 сомго өндүрүшкө керектүү чарбалык бумдар алынган.
Нарын шаардык Кеңешинин бекитилген иш планына ылайык шаардык Кеңештин алдындагы “ Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун- энергетика, транспорт, экология боюнча” жана “Бюджет, финансы жана экономика, ишкердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссияларынын депутаттары Нарын суу-канал ишканасынын ишмердүүлгүн жеринде көрүп, ишкананын кызматкерлери, жумушчулары менен жеринде сүйлөшүп, ишкананын материалдык техникалык базасы менен таанышкан. Нарын суу канал ишканасынын жумушчулары мурунку жылдарга салыштырмалуу айлык акыны убагында алып жатышкандыгына токтолушуп, 2015-жылы суу канал ишканасынын өз жумушчу күчү менен жуунучу жай курулуп, жумушчуларга шарт түзүлүп жаткандыгына токтолушкан. Туруктуу комиссиянын депутаттары тарабынан мекеме чарбалык өзүн өзү каржылаган ишкана болгондугуна байланыштуу материалдык техникалык базасын мындан ары чыңдоого, айлык маянларды көтөрүүгө, жылдан жылга өтүп келе жаткан дебитордук карыздарды өндүрүүгө аракеттерди көрүүгө, жайкы мезгилдерде көп кабаттуу жана жер үйлөрдө суунун басымы жетпей жаткандыгын бул көрүнүштү жоюу үчүн шаар элине, мекеме ишканаларга бакчаларды жана огороддорду сугарууда арык сууларын пайдалануу боюнча мекемеминин жетекчилиги тарабынан алгылыктуу аракеттер көрүлүшү зарыл экендигин баса белгилешти.
Жогорудагылардын негизинде Нарын суу- канал ишканасынын 2016-жылы шаардын элин таза суу менен камсыз кылууда жана ыплас сууларды кабыл алууда аткарып жаткан иштери жөнүндө Нарын суу канал ишканасынын жетекчиси Н.Максуталиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, сессияга катышкан депутаттардын сунуштарынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Нарын суу- канал ишканасынын жетекчиси Н.Максуталиевдин өткөн 2016-жылдагы аткарган иштери боюнча берген маалыматы эске алынсын.
- Нарын суу канал ишканасынын жетекчилиги, участкалык контолерлор тарабынан шаар тургундарынан жана мекеме ишканалардан дебитордук карыздарын өндүрүүгө карата алгылыктуу аракеттер көрүлсүн, аткарылган иштер боюнча маалымат берилсин.
- Инвестиция тартуу менен мекеменин материалдык техникалык базасын чыңдоого, айрыкча өндүрүшкө керектүү заманбап техникаларды жаңыртуу боюнча иш алынып барылсын жана суу пайдалануучу абоненттердин санын тактоо менен мекеменин киреше булагын көбөйтүү гө өзгөчө көңүл бурулсун.
- Нарын шаарында жаз айларында суунун булгануусу кайталанып келгендиктен, суу алуучу жайларды санитардык көзөмөлдөн тез-тезден өткөрүп, шаар элин таза суу менен камсыз кылуу Нарын суу канал ишканасынын башкы милдети деп белгиленсин.
- Жай айларында шаардагы көп кабаттуу жана жер үйлөргө суунун басымын өз нормасында келбей жаткандыгын эске алуу менен шаар тургундарына жана мекеме ишканаларга бакчаларды, огороддорду сугарууну арык системалары аркылуу жүргүзүү боюнча массалык маалымат каражаттары, теле берүү аркылуу тушундүрүү иштерин жүргүзүү шаардык суу канал ишканасынын жетекчисине тапшырылысын.
Төрага Ж.Ботоканов
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, Нарын суу канал ишканасына