Нарын шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 28-апрелиндеги IV чакырылыштагы кезектеги VIII сессиясынын №4 токтомуна №1 тиркеме

Нарын шаардык Кеңешинин

2017-жылдын 28-апрелиндеги IV чакырылыштагы кезектеги  VIII сессиясынын  №4 токтомуна №1 тиркеме

Нарын шаардык муниципалдык «Таза Нарын» ишканасы жөнүндө
ЖОБО

 

  1. Жалпы жоболор

 

  1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамдарына ылайык иштелип чыгып, Нарын шаардык муниципалдык «Таза Нарын» ишканасын (мындан ары – «Таза Нарын» ишканасы) түзүүнүн жалпы тартибин, иш-аракетин белгилейт жана укуктук статусун аныктайт.
  2. Нарын шаардык мэриясы «Таза Нарын» ишканасынын уюмдаштыруучусу (учредитель) болуп саналат.
  3. «Таза Нарын» ишканасы Нарын шаардык мэриясынын алдындагы түзүмдүк аткаруу бөлүмү, коммуналдык ишкана болуп саналат. Түзүлгөн келишимдердин негизинде коммерциялык ишмердүүлүк жүргүзүү укугуна ээ.
  4. «Таза Нарын» ишканасынын иш-аракетин контролдоону жана координациялоону Нарын шаардык мэриясы жүзөгө ашырат.
  5. «Таза Нарын» ишканасы Нарын шаардык мэриясы тарабынан, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү, Нарын шаардык мэриясы менен мамлекеттик бийлик органдары тарабынан ыйгарылган функцияларды аткаруу үчүн, өз алдынча жана жеке жоопкерчилик менен компетенциясынын чектеринде калктын тыгыз жашоосунун аймагында түзүлөт. Ишкананын ишмердүүлүгүнүн мөөнөтү чектелбейт.
  6. «Таза Нарын» ишканасынын Жобосу Нарын шаардык мэриясы тарабынан иштелип чыгып, Нарын шаардык Кеңеши тарабынан бекитилет жана юстиция органдарынан каттоодон өтөт.
  7. «Таза Нарын» ишканасы мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп эсептелет, өз алдынча баланска, өз аталышы менен мөөрү, штампы, өздүк жана атайын эсеби, фирмалык бланкы бар болот.
  8. Мамлекеттик тилдеги аталышы: Нарын шаардык муниципалдык «Таза Нарын» ишканасы, расмий тилде: Нарынское городское муниципальное предприятие «Таза Нарын».
  9. «Таза Нарын» ишканасынын дареги: Нарын шаары, Трудубаев көчөсү, 39.
  10. «Таза Нарын» ишканасы өз иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, башка ченемдик укуктук актыларды, Нарын шаардык Кеңеши жана Нарын шаардык мэриясынын чечимдери жана бул Жобону жетекчиликке алат.
  11. «Таза Нарын» ишканасы өз иш-аракетин мамлекеттик бийлик органдарынын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрү, Нарын шаардык мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрү, ар түрдүү коомдук уюмдар, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар жана шаардын калкынын кызыкчылыгын көрсөтүү менен жүзөгө ашырат.
  12. «Таза Нарын» ишканасы коммуналдык кызматтар жана менчиктин ар кандай түрүндөгү юридикалык жактар, жеке ишкерлер жана жеке жактар менен келишимдик негизинде өз ара мамилелерди түзө алат.
  13. «Таза Нарын» ишканасынын милдеттерин, функцияларын жана ыйгарым укуктарын ишке ашыруу үчүн юридикалык күчкө ээ эмес өз алдынча түзүмдүк бөлүмчөлөрдү, филиалдарды түзсө болот (Нарын шаардык Кеңешинин жана Нарын шаардык мэриясынын расмий чечимдери менен).
  14. Бул Жободо каралбаган маселелер иштеп жаткан мыйзамдар менен жөнгө салынат.

 

  1. «Таза Нарын» ишканасынын негизги милдеттери жана функциялары

 

  1. «Таза Нарын» ишканасынын негизги милдеттери:

— Нарын шаарынын санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, инфратүзүмүн жакшыртуу иштерин жүргүзүү;

— Нарын шаарынын юридикалык жактарына (менчигинин түрүнө карабастан) жана калкына коммуналдык-чарбалык, тейлөө кызматтарды көрсөтүү, оңдоо, курулуш-монтаждоо иштерди жана мыйзам талаптарына ылайык келген киреше табуу боюнча коммерциялык ишмердүүлүктү жүргүзүү жана өз компетенциясынын чегинде чечимдерди кабыл алуу болуп саналат.

  1. Төмөндөгүлөр «Таза Нарын» ишканасынын негизги функциялары болуп саналат (айрымдары коммерциялык негизде түзүлгөн келишимдерге ылайык жүргүзүлөт):

а) шаардын бардык аймагынын санитардык тазалыгын камсыз кылуу;

б) шаардагы таштандылардын бардык түрлөрүн өз убагында чыгарылышын камсыз кылуу;

в) таштанды төгүүчү жайларды санитардык нормаларга ылайык уюштуруу жана жалпы пайдалануудагы коомдук жайларга урналарды коюу, аларды тейлөө;

г) «Карга-Жайлоо» таштанды төгүүчү жайын санитардык нормаларга ылайык кармоо, тийиштүү иш-чараларды (рекультивация ж.б.) жүргүзүп туруу;

д) шаардын көчөлөрүн, көп кабаттуу турак-үйлөрдүн, жалпы пайдалануудагы коомдук жайлардын, аялдамалардын айлана-тегерегине санитардык тазалоо иштерин жүргүзүү жана ал үчүн санитардык-техникалык кызматтарын түзүү;

е) шаардын ички жолдорун сапаттуу тейлөө;

ё) шаардагы асфальт басылган көчөлөрдүн атайын техника менен шыпырылып, жуулуп турушун камсыз кылуу;

ж) шаардын ички жолдорундагы жана жалпы пайдалануудагы жайлардагы карлардын күрөлүшүн, техника менен түртүлүшүн жана чыгарылышын уюштуруу;

з) шаардын көчөлөрүнө жана жалпы пайдалануудагы коомдук жайларга түнкү жарыктарды жана кооздоочу каражаттарды (дюралайт ж.б.) коюу, алмаштыруу, жаңыртуу иштерин жүргүзүү;

и) светофорлорду коюу жана алардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу;

й) жол белгилерин, «жасалма дөңчөлөрдү» коюу, жол чийиндерин жүргүзүү жана жаңыртып туруу;

к) шаардагы аллеяларды, тротуарларды оңдоо, брусчаткалоо иштерин жүргүзүү жана аларды тейлөө;

л) көчөлөрдүн аталыштарын жана административдик имараттардын, турак-үйлөрдүн номурларын чагылдырган такталарды жасатып тагуу;

м) жарнамалык такталарга, троллейбустук линияларга жана башка обүектилерге идеологиялык, жарнамалык жана башка материалдарды илип, чечүү (мэриянын көрсөтмөсүнө ылайык жана келишимдин негизинде);

н) көп кабаттуу жана башка турак үйлөрдүн, административдик имараттардын сырттарын косметикалык оңдоодон өткөрүү жана кооздоочу, жарык берүүчү каражаттар менен жасалгалоо, көп кабаттуу турак-жайлардын чатырларын алмаштыруу иштерине көмөк көрсөтүү (анын ичинде коммерциялык негизде);

о) шаардагы арык системаларын, суу өткөөлдөрүн калыбына келтирүү, аларды тейлөө;

п) бак-дарактарды, гүлдөрдүн көчөттөрүн отургузуу, сугаруу, өстүрүү, аларды коруу, санитардык тазалоо иштерин жүргүзүү;

р) шаардагы мекеме, ишканаларды, шаардын тургундарын кара топурак, бак-дарактардын, гүлдөрдүн көчөттөрү менен камсыз кылуу (анын ичинде коммерциялык негизде);

с) шаардагы парктарды, скверлерди, питмоникти уюштуруу, алардын корулушун, сугарылышын, кайтарылышын, өз деңгээлинде тейленишин камсыз кылуу;

т) шаардын шартында мал кармоо эрежелеринин сакталышына көзөмөл кылуу, корук уюштуруу, кароосуз жүргөн малдын кармалып-камалышын жүргүзүү;

у) шаардагы жолбун ит-мышыктардын санитардык нормаларга ылайык  атылышын жана жок кылынышын камсыз кылуу;

ф) мекеменин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу, атайын техникалардын паркын жаңыртуу, жумушчуларга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү чараларын көрүү;

х) шаардын коммуналдык-чарбалык иштерин жүргүзүү үчүн керектүү цехтерди ачып, иштетүү (пескоблок, брусчастка чыгаруу, таш, жыгач тилүү, электросварка кармоочу, таштандыларды кайра иштетүү боюнча ж.б.у.с.);

ц) көмөкчү чарбаларды  (подсобное хозяйство) уюштуруу;

ч) шаардын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгууга катышуу, инфраструктуралык долбоорлор боюнча сунуш берүү, бюджеттик жана бюджеттен тышкары ресурстарды тартууга көмөк көрсөтүү;

ш) жергиликтүү маанидеги маселелерди, анын ичинде юридикалык жактардын жана жарандардын кайрылууларында көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү өз алдынча же болбосо жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тийиштүү мекеме, ишканалары менен бирге чечүү аракеттерин көрүү;

э) өзгөчө кырдаалдарды алдын-алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү;

ю) мэриянын административдик жана башка комиссияларынын ишине катышуу, сунуштарды жана тийиштүү материалдарды берүү;

я) мыйзамдарда тыюу салынбаган башка иштерди алып баруу менен акы алынуучу кызматтарды көрсөтүү.

  1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Нарын шаардык мэриясынын макулдугу боюнча келишимдин негизинде мамлекеттик бийлик органдары тарабынан берилген ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу;
  2. «Таза Нарын» ишканасына берилген ыйгарым укуктардын чектеринде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Нарын шаардык Кеңешинин жана Нарын шаардык мэриясынын чечимдерин аткаруу.

 

III. «Таза Нарын» ишканасынын ыйгарым укуктары

 

  1. «Таза Нарын» ишканасы компетенциясынын чегинде төмөнкү ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат:

а) аймактардын социалдык-экономикалык программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышат;

б) жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенет;

в) берилген функцияларына ылайык (санитардык тазалоо, көрктөндүрүү, жашылдандыруу, жарыктандыруу, арыктарды тазалоо, бак-дарактарды, гүлдөрдүн көчөттөрүн отургузуу, аларды сугаруу) ж.б.у.с. калкка кызматтарды көрсөтүү жумуштардын аткарылышы боюнча шаардын тургундарынан, мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана башка органдарынан (менчигинин түрүнө карбастан) талап кылуу менен аткарылышына көзөмөл жүргүзөт;

г) юридикалык (менчигинин түрүнө крабастан) жана жеке жактар менен келишимдерди түзөт, алар менен мыйзамдарда каралган тартипте эсеп-кысап кыймылдарын жүргүзөт;

д) мыйзамдарда каралган тартипте өз карамагында же башкаруусунда турган мүлктү тескейт;

е) доогер же жоопкер тарап катары соттук отурумдарга катышат;

ж) Нарын шаардык мэриясына, ошондой эле мамлекеттик органдарга, менчиктин ар кандай формасындагы ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге «Таза Нарын» ишканасынын карамагына тийиштүү маселелер боюнча сунуштарды киргизет;

з) мэрия менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте катталган коомдук өз алдынча башкаруунун субүекттерине өз функцияларынын жана ыйгарым укуктарынын бөлүгүн келишимдин негизинде ыйгарат;

и) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мэриянын административдик комиссиясынын кароосуна материалдарды жиберет;

к) мыйзамдарда белгиленген тартипте акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтөт;

л) Нарын шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерине ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

 

  1. «Таза Нарын» ишканасынын түзүмү жана штаттык бирдиги

 

  1. «Таза Нарын» ишканасынын түзүмү, штаттык бирдиги жана айлык маяналары өзүнчө тиркеме болуп Нарын шаардык мэриясынын сунушу менен Нарын шаардык Кеңеши тарабынан жыл сайын бекитилип турат.
  2. «Таза Нарын» ишканасынын жетекчилиги жана башка кызматкер-жумушчулары муниципалдык кызматкер болуп эсептелинишбейт. Иштин кызыкчылыгына байланыштуу алардын статустарын кошумча аныктоо Нарын шаардык мэриясынын сунушу менен Нарын шаардык Кеңешини тарабынан белгиленет (ишкананын Жобосуна тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү менен).
  3. «Таза Нарын» ишканасынын директору мекемеге жалпы жетекчилик кылат. Шаардын мэри тарабынан шаардык Кеңеш менен макулдашуу боюнча кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин талаптарына ылайык жетекчиге мэрдин чечими менен 6 айга чейин сыноо мөөнөтү коюлушу мүмкүн. Иш берүүчү менен Жумушчунун ортосунда 1 жылдык мөөнөткө эмгек келишими түзүлөт;

— жогорку билимдүү жана мамлекеттик, муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес же кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болуусу тийиш. Кыргыз Республикасынын жараны эмес, соттун чечими менен жөндөмсүз деп табылган, берилген мыйзам тартибинде соттолгондугу алынып салынбаган же жоюлбаган жарандар бул кызматка дайындала албайт.

  1. «Таза Нарын» ишканасынын башкы инженери мекеменин начальниги жок учурда анын милдеттерин аткарат. Негизинен шаардын санитардык тазалыгына жооп берет. Ал ишкананын директору тарабынан шаардын мэри менен расмий түрдө макулдашуу аркылуу дайындалат жана бошотулат. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин талаптарына ылайык ага 6 айга чейинки сыноо мөөнөтү коюлушу мүмкүн. Иш берүүчү менен Жумушчунун ортосунда 1 жылга эмгек келишими түзүлөт;

— жогорку же атайын орто билимдүү, мамлекеттик, муниципалдык кызматта 1 жылдан кем эмес же кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болуусу тийиш.

  1. «Таза Нарын» ишканасынын башкы агроному негизинен шаарды жашылдандыруу иштерине жооп берет. Ал ишкананын директору тарабынан шаардын мэри менен расмий түрдө макулдашуу аркылуу дайындалат жана бошотулат. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин талаптарына ылайык ага 6 айга чейинки сыноо мөөнөтү коюлушу мүмкүн. Иш берүүчү менен Жумушчунун ортосунда 1 жылга эмгек келишими түзүлөт;

— жогорку же атайын орто билимдүү (негизги иши боюнча кесиптик билимине талап коюлат — агроном, эколог). Мамлекеттик, муниципалдык кызматта 1 жылдан кем эмес же кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болуусу тийиш.

  1. «Таза Нарын» ишканасынын инженери негизинен шаарды көрктөндүрүү иштерине жооп берет. Ал жана ишкананын калган кызматкер-жумушчулары мекеменин директору тарабынан Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин талаптарына ылайык дайындалат жана бошотулат.

 

  1. «Таза Нарын» ишканасынын иш-аракетин уюштуруу жана контролдоо

 

  1. Нарын шаардык мэриясы «Таза Нарын» ишканасын башкаруунун эң жогорку органы болуп саналат.
  2. Нарын шаардык мэриясынын өзгөчө компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:

а) «Таза Нарын» жөнүндө Жобону, анын типтүү түзүмүн, штаттык бирдигин жана айлык маянасынын өлчөмү боюнча сунушун иштеп чыгуу, Нарын шаардык Кеңештин бекитүүсүнө киргизүү;

б) Нарын шаардык мэриясы тарабынан «Таза Нарын» ишканасына берилүүчү функциялардын жана ыйгарым укуктардын тизмегин бул жобого ылайык аныктап, бекитүү;

в) «Таза Нарын» ишканасын кайрадан уюштуруу же жоюу;

г) «Таза Нарын» ишканасынын иш-аракетин көзөмөлдөө,  функциялардын аткарылышын жана берилген ыйгарым укуктардын жүзөгө ашырылышын контролдоо;

д) өз арызы, эмгек келишиминин мөөнөтү аяктагандыгы жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде каралган башка тартиптер боюнча «Таза Нарын» ишканасынын директорун кызматтан бошотууну жүзөгө ашыруу.

  1. «Таза Нарын» ишканасынын директору:

а) бул Жобого ылайык «Таза Нарын» ишканасынын утурумдук иш-аракетин уюштурат, ыйгарым укугунун ченеминде мекеменин мүлкүн жана финансылык каражаттарын тескейт, кредиттик-эсептик мекемелерде эсептик жана башка счетторду ачат;

б) «Таза Нарын» ишканасынын иш-аракетине тийиштүү болгон, бул Жобого жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына каршы келбеген маселелерди өз алдынча, зарыл болгон учурларда Нарын шаарынын мэринин жана Нарын шаардык Кеңешинин көрсөтмөлөрүнө ылайык чечет;

в) «Таза Нарын» ишканасынын иш-аракетин камсыздоочу документтерге кол коюу укугуна ээ;

г) Ушул Жобонуну негизинде ишеним катсыз «Таза Нарын» ишканасынын атынан иштейт, аны юридикалык жана жеке жактар менен мамилелерде көрсөтө алат;

д) бул Жобо тарабынан аныкталган ыйгарым укуктардын чегинде эмгек, чарбалык жана башка келишимдерди, (контракттарды) түзө алат.

  1. Эсепке алуу жана отчеттуулук

 

  1. «Таза Нарын» ишканасы өзүнүн чарбалык иш-аракетинин жыйынтыктарын эсепке алууну жана белгиленген тартипте бухгалтердик жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт.
  2. «Таза Нарын» ишканасынын финансылык-чарбалык иш-аракетине көзөмөл Нарын шаардык мэриясы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан аныкталган компетенттүү органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
  3. «Таза Нарын» ишканасынын директору жана эсепчиси эсепке алууну жана отчеттуулукту жүргүзүүнүн тартибин сактоого жана ишенимдүүлүгүнө жеке жоопкерчилик алат.
  4. Нарын шаардык Кеңешинин жана Нарын шаардык мэриясынын суроо-талабы боюнча «Таза Нарын» ишканасы өз ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалымат берет.

VII. «Таза Нарын» ишканасын материалдык-финансылык жактан камсыздоо

  1. «Таза Нарын» ишканасынын оперативдүү башкаруу укугунда мүлк бекитилет жана Нарын шаардык мэриясынын макулдугу менен гана ага бекитилген мүлктү пайдаланууга укуктуу болуп эсептелинет.
  2. «Таза Нарын» ишканасын кармоого чыгымдарды каржылоо төмөндөгүлөрдүн эсебинен жүзөгө ашырылат:

а) Нарын шаардык Кеңеши жана Нарын шаардык мэриясы тарабынан бекитилген чыгымдар сметасына ылайык шаардык бюджеттин каражаттарынын;

б) юридикалык жана жеке жак тарабынан кайтарымсыз берилүүчү каражаттардын жана атайын каражаттардын;

в) Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан тыюу салынбаган башка кирешелердин.

VIII. Эмгек мамилелери

 

  1. «Таза Нарын» ишканасынын жумушчуларынын эмгек мамилелери ушул Жобого ылайык жана Кыргыз Республикасынын Эмгек мыйзамынын ченемдери аркылуу жөнгө салынат.
  2. «Таза Нарын» ишканасынын жумушчуларынын эмгек режими жана эс алуусу, алардын социалдык камсыздоосу Кыргыз Республикасынын мыйзамы жана Нарын шаардык мэриясынын көрсөтмөсү менен жөнгө салынат.

 

  1. «Таза Нарын» ишканасын кайрадан уюштуруу жана жоюу

 

  1. «Таза Нарын» ишканасын кайрадан уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык Кеңешинин чечими менен жүргүзүлөт.
  2. «Таза Нарын» ишканасын жойгондон кийин калган мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралган тартипте бөлүштүрүлөт.
  3. Юридикалык жактардын Мамлекеттик реестрине бул жөнүндө жазуу киргизилген учурдан тартып жоюу аяктаган болуп эсептелинет.
  4. «Таза Нарын» ишканасынын иш-аракетинин процессинде пайда болгон документтер, аны жойгон учурда, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын улуттук архивдик фонду жөнүндө» Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.

 

Нарын шаардык Кеңешинин жооптуу катчысы                                 А.Абдыкеримов

Добавить комментарий