НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ VIII СЕССИЯСЫНЫН №4 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  VIII СЕССИЯСЫНЫН        

    №4  ТОКТОМУ    

28-апрель 2017-жыл                                                                                                                    Нарын шаары

                                                                                                                                   

Нарын шаарындагы айрым мекемелерин  оптималдаштырууга макулдук берүү,  алардын Жоболорун жана штаттык бирдиктерин  бекитүү жөнүндө                                                          

Нарын  шаардык мэриясынын 2017-жылдын 17-февралында №31-б буйругу менен жергиликтүү бюджеттен каржыланган шаардык мекеме, ишканалардын   башкаруу схемасын, түзүмүн, милдеттерин жана штаттык бирдиктерин оптималдаштыруу, кызматкерлердин жана жумушчуларды кармоого бөлүнүүчү бюджеттик каражаттарды тартипке келтирүү жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн комиссия түзүлгөн. Комиссия жогорудагы маселелер боюнча Нарын шаарындагы жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин штаттык бирдиктерин карап чыгып, Нарын шаарындагы айрым мекемелерди оптималдаштыруу маселесин колдошкон.

Нарын шаардык Кеңешинин кароосуна Нарын шаардык мунципалдык «Таза-Нарын” ишканасына жашылдандыруу мекемесин бириктирүү  жана чарбалык эсептеги Нарын шаардык муниципалдык менчик ишканасын түзүү, алардын Жоболорун, штаттык бирдиктерин жана  шаардын аймактык чектерин бекитип берүү боюнча  Нарын шаардык мэриясы сунуш кат менен кайрылган.

Сунуш кат шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо,  регламент, мандат, этика,  коррупцияга каршы күрөшүү  боюнча” туруктуу комиссиясынын  жана фракция башчыларынын кароосуна коюлуп, 3 жолку отурумда талкууланып, отурумда депутаттар   жогорудагы маселени шаардык Кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибине киргизүү менен  жалпы депутаттардын талкуусуна сунушташкан.

Нарын шаардык мунципалдык «Таза-Нарын” ишканасына Нарын шаардык жашылдандыруу мекемесин бириктирүү  жана Нарын шаардык муниципалдык менчик ишканасын түзүү, алардын Жоболорун жана штаттык бирдиктерин, ошондой эле шаардын аймактык чектерин бекитип берүү боюнча  Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарынын жана  Нарын шаардык мэриясынын  сунуштарын угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы

                                               ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Нарын жашылдандыруу мекемеси жоюлуп, анын функциялары Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасына өткөрүлүп берилсин жана    Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасы деп түзүүгө макулдук берилсин.
  2. Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын жаңы Жобосу бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
  3. Нарын шаардык мэриясынын берген сунушуна ылайык Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын штаттык бирдиги тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
  4. Нарын шаардык муниципалдык менчик департаменти жоюлуп,чарбалык эсептеги   Нарын шаардык муниципалдык менчик  ишканасы деп түзүүгө макулдук берилсин.
  5. Чарбалык эсептеги Нарын шаардык муниципалдык менчик ишканасынын  жаңы Жобосу бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
  6. Нарын шаардык мэриясынын берген сунушуна ылайык чарбалык эсептеги Нарын шаардык муниципалдык менчик ишканасынын штаттык бирдиги тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
  7. Нарын шаарынын аймактарга бөлүнүшу жана чектери бекитилсин. (тиркеме тиркелет).
  8. Бул токтомду аткаруу Нарын шаардык мэриясына ташырылсын.
  9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, регламент, мандат, этика,  коррупцияга каршы күрөшүү  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага                                                                                                                             Ж.Ботоканов

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга

 

Добавить комментарий