НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХIX СЕССИЯСЫНЫН № 8 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХIX СЕССИЯСЫНЫН

№ 8 ТОКТОМУ

20-декабрь  2018-жыл                                                                                                                                                                           Нарын шаары

      Нарын шаардык  муниципалдык менчиктеги  аялдамалардын жана жарнамалык такталардын ижара акыларынын тарифин бекитүү жөнүндө

             Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамдарына, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине жана «Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча» туруктуу комиссиясынын чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасынын калкка кызмат көрсөтүүдө Нарын шаарындагы муниципалдык менчиктеги ар бир аялдаманын бир айлык ижара акысынын тарифин 3500 (үч миң беш жүз) сомго, муниципалдык жарнамалык такталардын бир бетинин бир айлык ижара акысынын тарифин 3000 (үч миң) сом өлчөмүндө бекитип берүүгө макулдук берилсин.
  2. Бул токтомду аткарылышын камсыз кылуу Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                         Ж.Ботоканов

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, ММИге,  облустук юстиция башкармалыгына.

 

Добавить комментарий