НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХXI СЕССИЯСЫНЫН №1 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХXI СЕССИЯСЫНЫН

№ 1 ТОКТОМУ

26-февраль  2019-жыл                                                                                                                                                                           Нарын шаары

 

Нарын шаарынын мэри Э.Алымкуловдун өткөн  2018-жылдагы аткарган иштери тууралуу отчету жөнүндө

       Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына, Нарын  шаардык  Кеңешинин  Регламентине  ылайык   Нарын  шаарынын  мэри Э.А. Алымкуловдун отчетун угуп, талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын мэри Э.А.Алымкуловдун Нарын шаарынын 2018-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча сессияда депутаттарга берген отчету эске алынсын жана шаардык мэрия тарабынан бир катар иштер аткарылганы белгиленсин.
  2. Нарын шаардык мэриясы тарабынан сунушталып Нарын шаардык Кеңешинин 20-декабрь 2019-жылдагы XIX сессиясынын №1 токтому менен бекитилген Нарын шаарынын 2018-2022-жылдардагы өнүгүү программасын аткаруу боюнча чечкиндүү иш аракеттер көрүлсүн.
  3. Нарын шаардык мэриясы, мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын аймактык башкармалыгы менен бирдикте Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн, айрыкча салыктар жана башка жыйымдарды көбөйтүүгө, планды ашыгы менен аткарууга өзгөчө көңүл бурулсун.
  4. Базарларда, өз алдынча иштеген жеке ишкерлерден алынуучу патенттерди тактоо, ижарага берилген жер аянттардын, таштандыга төлөөчү абоненттердин санын тактоо, ага төлөнүүчү төлөмдөрүн убагында өндүрүү мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгына, Нарын шаарынын муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү ишканасына  милдеттендирилсин.
  5. Нарын шаарына инвестицияларды тартууга карата шаардык мекеме, ишканалар менен бирдикте чакан жана орто бизнестерди өнүктүрүүгө, шаарда жашаган калктын аярлуу катмарын турак жай менен камсыз кылуу үчүн көп кабаттуу турак жайларды куруу Нарын шаардык мэриясынын башкы милдети деп эсептелсин.
  6. Нарын шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында шаардын ички жолдорун асфальттоо, тротуарларды оңдоо иштерин улантуу, тышкы жана ички туристтерге шаарда жүрүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында шаардын кире бериштерине жана шаардын айрым муктаж жерлерине заманбап коомдук ажатканаларды куруу, көчөлөрдү жарыктандыруу, жаңы конуштарга электр энергиясын жеткирүү Нарын шаардык мэриясына жана анын тармактык бөлүмдөрүнө тапшырылсын.
  7. Нарын шаарынын башталган башкы планын бүткөрүү, баш аламан соода түйүндөрүн жана базарлардын айланасын ирээтке келтирүү, муниципалдык жер аянттарын тактоо, аларды каттоодон өткөрүү, шаардык архитектурага, муниципалдык менчикти башкаруу ишканасына тапшырылсын.
  8. Окуучулардын билим сапатын жогорулатуу, мектептердин, бала бакчалардын материалдык-техникалык базасын чындоо, окуу китептери менен камсыз кылуу, инвестицияларды тартуу, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу Нарын шаарынын  вице-мэрине, шаардык ички иштер бөлүмүнө , шаардык билим берүү бөлүмүнө  тапшырылсын.
  9. Нарын шаарында  балдар бакчасына тартылбаган балдарга кам көрүү максатында шаарга азыркы замандын талабына ылайык бала бакчаларды курууга инвестиция тартуу жана мурунку балдар бакчаларынын имараттарын муниципалдык менчикке   кайтарып  алуу маселесин чечүү жагы шаардык мэрияга тапшырылсын.
  1. Нарын шаарында орун алган ооруларды алдын алууга карата чараларды көрүү айрыкча өспүрүмдөр арасында жугуштуу инфекциялык оруларды алдын алуу, жаш балдардын өлүмүн кыскартуу калктын саламаттыгын сактоодо эмдөөдөн баш тарткан жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, Нарын шаардык мэриясынын вице мэрине, үй бүлөөлүк медицина борборуна милдеттендирилсин.
  2. Нарын суу канал ишканасынын, Нарын райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмесинин, Нарын электр тармактар ишканасынын дебитордук, кредитордук карыздарын жоюу, өндүрүү шаардын элин үзгүлтүксүз таза суу, жылуулук, электр энергиясы менен камсыз кылуу жагы Нарын шаарынын биринчи вице-мэрине жүктөлсүн.
  3. Шаардагы таштанды төгүүчү жайын ирээтке келтирүү, рекультивация жумуштарын жүргүзүү, шаардын санитардык абалын жакшыртууга, айрыкча базарлардын, ашкана, дүкөндөргө көзөмөл күчөтүлсүн.
  4. Нарын шаарында жайгашкан кеңселердин, мекеме-ишканалардын, соода түйүндөрүнүн, дарыканалардын жана башка калкка кызмат көрсөтүүчү, тейлөөчү ишканалардын сыртындагы көрнөк-жарнак баардыгын Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил жөнүндө» Мыйзамдарына ылайык жүргүзүү Нарын шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.
  5. Нарын шаарында элге кызмат көрсөткөн коомдук жеке транспорт каттамдарынын белгиленген график боюнча жүрүшүн жана алардын патент алуусун камсыз кылуу салык кызматкерлери, жол көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан көзөмөлдүк күчөтүлсүн.
  6. Нарын шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыштуулукту алдын алууда, жол коопсуздугун камсыз кылууда, уюшкан кылмыштуулуктун идеологиясын колдогондорго, банги заттарына байланышкан кылмыштарга каршы ыкчам аракеттерди көрүү менен кырсыктын алдын алууга багытталган иш аракеттерди көрсүн.
  7. Нарын шаарында коомдук тартипти, жол коопсуздугун алдын алууда, шаардын ичиндеги автоунаалардын жүрүүсүн ирээтке келтирүү, унаа тыгындарын болтурбоого карата жол белгилерин, видео көзөмөлдөрдү орнотуу шаардык мэрияга, ички иштер бөлүмүнө милдеттендирилсин.
  8. Нарын шаарындагы жумушсуздардын санын кыскартуу максатында жумушсуздарды ишке жайгаштыруу, кошумча жумушчу орундарын түзүү шаардык мэрияга жүктөлсүн.
  9. Токтомду аткаруу Нарын шаардык мэриясына жана шаардык мекеме, ишканалардын жетекчилерине тапшырылсын.
  10. Токтомду көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                          Ж.Ботоканов

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, билим берүү бөлүмүнө, ММИге, «Таза-Нарын», суу канал, жылуулук берүү, электр тармактар ишканаларына, юстиция башкармалыгына.

Добавить комментарий