НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХХI СЕССИЯСЫНЫН № 6 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  

КЕЗЕКТЕГИ ХХI СЕССИЯСЫНЫН

 № 6 ТОКТОМУ

26-февраль 2019-жыл                                                                                                                                                                            Нарын шаары

 

Нарын шаардык “Таза-Нарын” муниципалдык ишканасынын карамагынан Нарын шаардык “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасын бөлүп чыгуу жөнүндө

          Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын “Жарандык Кодексинин”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу”, “Мүлккө муниципалдык менчик” жана “Юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо” жөнүндөгү Мыйзамдарынын негизинде, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаардык Кеңешинин IV чакырылыштагы 28-апрель 2017-жылдагы “Нарын шаарындагы айрым мекемелерин оптималдаштырууга макулдук берүү,  алардын Жоболорун жана штаттык бирдиктерин  бекитүү жөнүндө” №4 токтомунун 1-2-3-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.
  2. Нарын шаардык “Таза-Нарын” муниципалдык ишканасынын карамагынан Нарын шаардык “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасын мурдагы жана кошумча штаттык бирдиктери менен бөлүп чыгууга макулдук берилсин.
  3. Нарын шаардык “Таза-Нарын” муниципалдык ишканасы жөнүндө жана Нарын шаардык “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасы жөнүндө Жоболору бекитилсин (жоболор тиркелет).
  4. Токтомду аткаруу жана Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодекстин 93-беренисинин 4-пунктуна ылайык ажыратуу балансын түзүү, бекитүү жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүү жагы Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо, регламент, мандат, этика,  коррупцияга каршы күрөшүү  боюнча” жана “Бюджет,    финансы    жана   экономика, ишкердүүлүк, инвестиция    боюнча” туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                          Ж.Ботоканов

                                                              

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, облустук юстиция башкармалыгына, мэрияга, «Таза-Нарын», «Жашылдандыруу» ишканаларына.

 

6-токтомго_1-тиркеме_Таза Нарын муниципалдык ишканасынын Жобосу

6-токтомго_2-тиркеме_Жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын Жобосу

Добавить комментарий