НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХХI СЕССИЯСЫНЫН № 5 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  

КЕЗЕКТЕГИ ХХI СЕССИЯСЫНЫН

 № 5 ТОКТОМУ

 

26-февраль 2019-жыл                                                                                                                                                                            Нарын шаары

 

Мүлккө муниципалдык менчик объектилеринин реестрин пайдалануунун тартиби боюнча Жобону жана муниципалдык менчик объектилеринин реестрин бекитүү жөнүндө

        Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган муниципалдык менчиктерди көзөмөлдөө максатында,  Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдарынын негизинде, Нарын шаардык Кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо,  Регламент, мандат, этика,  коррупцияга каршы күрөшүү боюнча”  жана “Муниципалдык менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология  боюнча туруктуу комиссияларынын кошмо отурумунун протоколунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. Мүлккө муниципалдык менчик объектилеринин реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобосу бекитилсин (1-тиркеме тиркелет).
  2. Мүлккө муниципалдык менчиктин объектилеринин реестри тиркемеге ылайык бекитилсин (2-тиркеме тиркелет).
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                          Ж.Ботоканов

                                                            

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, облустук юстиция башкармалыгына, мэрияга, ММИге.

 

5-токтомго_1-тиркеме_ Муниципалдык менчик объекттеринин реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө ЖОБО

5-токтомго_2-тиркеме_Нарын шаарынын мүлккө муниципалдык менчик объектилеринин реестри

 

Добавить комментарий