ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIII СЕССИЯСЫНЫН № 2/1 ТОКТОМУ

shapka-toktom

ДЕПУТАТТАРДЫН  НАРЫН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН                   

                 XXV  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ    XXIII СЕССИЯСЫНЫН

        №  2/1 ТОКТОМУ

 

            

11- апрель  2012-жыл                                                                                                                 Нарын шаары

 

 

 Нарын шаарынын 2011-жылдын жергиликтүү бюджетинин                   аткарылышын бекитүү жөнүндө

 

 

             Нарын шаарынын 2011-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын бекитүүдө «Кыргыз  Республикасынын  бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун  финансы -экономикалык негиздери жөнүндөгү»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алып, депутаттардын Нарын шаардык  Кеңешинин сессиясы

 

                                            ТОКТОМ КЫЛАТ

 

 

1.Нарын шаарынын 2011-жылдын жергиликтүү бюджетинин  киреше жана   чыгаша бөлүгү тиркемеге ылайык бекитилсин. (№ 1 тиркеме тиркелет)

 

2.Нарын шаарынын 2011-жылдын жергиликтүү бюджетинде каралып,  Нарын шаардык мэриясынын буйруктары менен берилген 964,0   миң сом резервдик фонддун   акча каражаты бекитилсин. (№ 2 тиркеме тиркелет)

 

3. Нарын шаарынын 2011-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнөн ашык түшкөн акча каражаттары депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин «Социалдык экономикалык өнүгүү, бюджет, финансы, салык, лицензия, патент, приватташтыруу» боюнча туруктуу комиссиянын протоколдорунун негизинде  2008,7 миң сом акча каражаты бекитилсин. (№ 3 тиркеме тиркелет) .

 

4.Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетине  муниципалдык менчик департаментинин  жерин сатуудан тушкөн акча каражатынын киреше жана чыгаша бөлүгү бекитилсин. (№4 тиркеме тиркелет)

 

 

5.  Токтомду аткаруу жагы Нарын шаардык финансы бөлүмүнө (Ж.Урустемов) тапшырылсын.

             Депутаттардын

Нарын шаардык Кеңешинин

                 төрагасы                                                                              А.Көкөтаев

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга , туруктуу комиссияга,  Нарын шаардык мэриясына, Нарын шаардык финансы бөлүмүнө

Обсуждение закрыто.