ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXII СЕССИЯСЫНЫН №5/4 ТОКТОМУ

shapka-toktom

ДЕПУТАТТАРДЫН  НАРЫН  ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН                

                 XXV  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ    XXII СЕССИЯСЫНЫН

 

 №5/4 ТОКТОМУ

 

                                        21-январь 2012-жыл                                                                                                         Нарын шаары

 

Нарын шаарынын тургуну Өмүровага Берметке     Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу»  наамын берүү жөнүндө

 

        Өмүрова Бермет 1941- жылы Ысык- Көл облусунун Темир айлында туулган. Эмгек жолун 1965-жылы Т.Сатылганов атындагы Филормонисында солистка болуп иштөө менен баштаган.1979-жылдан ушул күнгө чейин Нарын Академиялык Музыкалык Драма театрында эмгектенип келүүдө. Кыргыз улуттук театр өнөрүнүн өсүп-өнүгүшүнө Б.Өмүрованын салымы зор.  Нарын театрынын атын алыска таанытып, бир канча  спектаклдерде  башкы каармандардын ролдорун жаратып көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болуп келген.

      Бермет Өмүрова ички ой толгоосу күчтүү, кеңири диапазондогу көп кырдуу актриса катары   Н.Анкиловдун « Жоокердин жесири», Т.Абдумомуновдун

« Жарыктык», Э.Токтогуловдун « Жибек жал», Т.Актановдун « Күч күйөө», Б.Өмүралиевдин «Жолчубектин көпүрөсү», Ч.Айтматовдун «Кыямат», К.Мамбетакуновдун «Укей», Ф.Достоевскийдин «Кылмыш жана жаза», Ч.Айтматовдун « Эрте жазда келген турналар», С.Раевдин «Күн кармаган бала» С.Ахмеддин «Күйөө бала»,  Б.Сейдакматовдун «Сапарлашым менин», Н.Хикметтин «Махабат баяны», Ч.Айтматовдун « Кылым карытаар бир күн», А.Макаеноктун «Трибунал» Ч.Айтматовдун «Чынгызхандын ак булуту» А.Цагареллинин «Ханума», А.Дыйканбаевдин «Айылдын апендилери», З.Сооронбаевдин  «Баян» ж.б чыгармаларында көптөгөн образдарды жараткан.  Мындан сырткары Бермет Өмүрова жеке эле актриса эмес, кубулжуган арген үндүү ырчы, аткаруучу  катары Ж.Шералиевдин, К.Меңдебаировдун ж.б обончулардын ырларын ырдап көпчүлүктүн купулуна толуп келүүдө.             

Театр дүйнөсүндөгү  эмгектери  эске алынып, 1995-жылы КРнын «Эмгек сиңирген артисти» наамын алган .1984-жылы « эмгек ардагери » ордени, 1987-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин грамотасы менен сыйланган.        

      Бермет Өмүровага Нарын шаарынын  «Ардактуу атуулу» наамын  ыйгаруу боюнча НАМДТнын жана депутаттык туруктуу комиссиянын сунушунун  негизинде депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

 

                                           ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.Маданият тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Нарын облустук академиялык М.Рыскулов  атындагы музыкалуу драма театрынын артисти Бермет Өмүровага Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы  ыйгарылсын.

 

2. Жобого ылайык Бермет Өмүровага   атайын жазалган үлгүдөгү Нарын       шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси, лентасы жана күбөлүгү тапшырылсын.

 

 

 

       Депутаттардын

Нарын шаардык Кеңешинин

        төрагасы                                                                       А.Көкөтаев

________________________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга, Б.Өмүровага, Нарын облустук академиялык М.Рыскулов  атындагы музыкалуу драма театрына.

Обсуждение закрыто.