НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХXV СЕССИЯСЫНЫН № 2 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ ХХV СЕССИЯСЫНЫН

№ 2  ТОКТОМ

 

17-сентябрь  2019-жыл                                                                                                                                                                         Нарын шаары

 

Нарын шаардык Кеңешинин сессияларында кабыл алынган токтомдордун  аткарылышы жөнүндө

           Нарын шаардык  Кеңешинде жалпысынан  25 сессия өткөрүлүп, 132 маселе каралган. Сессияда кабыл алынган токтомдордун аткарылышы боюнча 4 маселе каралган. Шаардык Кеңештин туруктуу комиссиялары тарабынан сессияга 22, шаардык мэрия тарабынан 49, шаардык мекеме-ишканалар тарабынан 21 маселе киргизилген. Нарын шаарынын айрым маселелерин  чечүү максатында жогорку жактарга 22 кат жөнөтүлгөн. Нарын шаардык Кеңешине 2 жыл 8 айдын ичинде  жалпысынан 1289 ар кандай маанидеги каттар, арыздар, кайрылуулар келип түшкөн.

      Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” жана  “Жергиликтүү Кеңештеринин статусу жөнүндөгү” Мыйзамдарына, Нарын шаардык Кеңешинин  Регламентине жана шаардык Кеңештин депутаттарынын сунуштарын эске алып  жана талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин  сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаардык Кеңешинин сессияларында кабыл алынган токтомдордун аткарылышы жөнүндөгү берген Нарын шаардык Кеңешинин  маалыматы  эске алынсын.
  2. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 36-беренесинин 12-пунктуна ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессияларында шаардык Кеңештин өз ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган токтомдор Нарын шаардык мэриясы жана тиешелүү аймакта турган баардык жарандар, мамлекеттик бийликтин аймактык органдары, ошондой эле, Мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде менчиктин түрүнө карабастан баардык ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан аткарууга алынсын.
  3. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 12-пунктуна ылайык шаардык Кеңештин депутаттары жана туруктуу комиссиялары тарабынан Нарын шаардык Кеңешинин сессияларында кабыл алынган токтомдордун аткарылышы дайыма көзөмөлдүккө алынсын.
  4. Шаардык Кеңештин сессияларында кабыл алынган токтомдордун аткарылышы тууралуу Нарын шаардык мэриясы тарабынан кечиктирилбестен, Нарын шаардык Кеңешине  так маалыматтар берилип турсун жана буга чейинки толук аткарууга алынбаган айрым токтомдорду толугу менен аткарууга алуу жагы Нарын шаардык мэриясынан суралсын.
  5. Нарын шаардык муниципалдык “Таза-Нарын” ишканасынын карамагындагы айрым автоунааларды чыгыштоону , сатууну тез арада бүткөрүү жана сатуудан түшкөн акчаны жергиликтүү бюджетине түшүрүү Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
  6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматына камсыздандыруу полис төлөмдөрүнүн ставкалары боюнча кат жөнөтүлсүн.
  7. Нарын шаардык борбордук мончонун оңдоп түздөө иштерин бүткөрүү “Нарындагы райондор аралык жылуулук менен жабдуу өндүрүштүк бирикмеси” филиалынын директоруна тапшырылсын.
  8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамынын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                          Ж.Ботоканов

                                                                               

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, облустук юстиция башкармалыгына, мэрияга, жылуулук ишканасына, салык инспекциясына.

Добавить комментарий