НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХХХV СЕССИЯСЫНЫН
№ 2 ТОКТОМУ
22-декабрь 2020-жыл Нарын шаары
Нарын шаардык троллейбус депосунун аталышын өзгөртүп муниципалдык ишкана деп атоого макулдук берүү жөнүндө
Нарын шаарындагы троллейбус депосу учурда өзүн-өзү каржылаган ишкана болгондуктан, троллейбустардын эскилиги жетип, толук кандуу иш алып барууга мүмкүн болбой калгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 92-беренесине ылайык Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаардык троллейбус депосунун аталышы өзгөртүлүп, “Нарын шаардык муниципалдык транспорттук ишканасы” деп атоого макулдук берилсин.
- Нарын шаардык мэриясы тарабынан ишкананын Уставын иштеп чыгуу, юстициянын каттоосунан өткөрүү иштери жүргүлүп, ал эми штаттык бирдиктерин бекитүү маселеси Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы, экономика, ишмердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясына жана Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
Төрага Ж.Ботоканов
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына, мэрияга, троллейбус депосуна, ”Таза-Нарын”ишканасына.