НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ XXХV СЕССИЯСЫНЫН
№ 1 ТОКТОМУ
22 — декабрь 2020-жыл Нарын шаары
«Нарын шаарынын муниципалдык менчигинин жерлеринде көп кабаттуу турак жайларды жана социалдык-маданий, турмуш-тиричилик багытындагы объекттерди долбоорлоо менен куруу боюнча биргелешкен иш-аракеттин келишимин түзүүнүн тартиби жана шарттары тууралуу Жобону» бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамына ылайык Нарын шаарында турак-жай курулушунун программасын ишке ашыруу максатында, “Муниципалдык менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- «Нарын шаарынын муниципалдык менчигинин жерлеринде көп кабаттуу турак жайларды жана социалдык-маданий, турмуш-тиричилик багытындагы объекттерди долбоорлоо менен куруу боюнча биргелешкен иштин макулдашуусун же келишимин түзүүнүн тартиби менен шарттары жөнүндө» жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Нарын шаарынын мэриясы:
а) «Нарын шаарынын муниципалдык менчигинин жерлеринде көп кабаттуу турак жайларды жана социалдык-маданий, турмуш-тиричилик багытындагы объекттерди долбоорлоо менен куруу боюнча биргелешкен иш-аракеттин келишимин түзүүнүн тартиби жана шарттары тууралуу» жобонун жүзөгө ашырылышын камсыз кылсын;
б) ар бир жылдын жыйынтыктары боюнча бул жобонун ишке ашырылышы жөнүндө маалыматты Нарын шаардык Кеңешке берсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тийиштүү туруктуу комиссияга жана Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.
Төрага Ж.Ботоканов
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, облустук юстиция башкармалыгына, мэрияга, ММИге, архитектурага.