НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XI СЕССИЯСЫНЫН №4 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

 КЕЗЕКТЕГИ  XI СЕССИЯСЫНЫН

4  ТОКТОМУ

 

1-апрель 2022-жыл                                                                                                                                                                                Нарын шаары

 

Нарын шаарындагы “Алма Бак” сейил багынын ичинде жайгашкан Самаков Садык атындагы спорт залдын имаратын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

        Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдарынын, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин негизинде,  “Муниципалдык менчик жер, турак-жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика,  транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине ылайык  Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы  токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын экс-депутаты, Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу”, коомдук-саясий ишмер Самаков Карганбек Садыкович тарабынан акысыз (кайтарымсыз) берилип жаткан Нарын шаарындагы “Алма Бак” сейил багынын ичинде жайгашкан Самаков Садык атындагы спорт залдын имаратын жалпы 862,0 чарчы метр жер аянты менен муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.
  2. Муниципалдык менчикке кабыл алуу иштерин жүргүзүү Нарын шаардык калкка кызмат көрсөтүү жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча муниципалдык ишканасына, Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                      А.Молдосалиев

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, облустук юстиция башкармалыгына, мэрияга, ММИге.

Добавить комментарий