НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХIII СЕССИЯСЫНЫН
№ 1 ТОКТОМУ
17-июнь 2022-жыл Нарын шаары
Нарын шаарындагы Ж.Коңурбаева атындагы шаардык китепкананын жалпы ишмердүүлүгү боюнча жүргүзүлгөн мониторинг жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Нарын шаардык Кеңешинин 2022-жылдын иш планы боюнча Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Социалдык, билим берүү, саламаттык сактоо,маданият жана спорт боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан жүргүзүлгөн мониторингдин корутундусуна ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Социалдык, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият жана спорт боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан жүргүзүлгөн мониторингдин корутундусу эске алынсын.
- Мониторинг убагындагы китепкананын ишмердүүлүгү боюнча айрым төмөндөгүдөй кемчиликтер белгиленсин:
а) Нарын шаардык китепканасында жана филиалдарында иштин өз деңгээлинде алып баралбагандыгы;
б) Китепкананын кызматкерлери менен жетекчилик ортосунда эмгек келишимдери түзүлбөгөндүгү;
в) Кызматтык функционалдык милдеттердин бекитилбегендиги;
г) Компьютер менен иш алып баруусу, слайддардын, видеороликтердин жасалбагандыгы;
д) Айрым филиал башчыларынын мониторинг убагындагы жумуш ордунда жок болгондугу.
- Ж.Коңурбаева атындагы Нарын шаардык китепкананын кызматкерлеринин кесиптик билимдерине, ээлеген кызматка ылайыктуулугуна жана ишке жөндөмдүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү жагы Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.
- Борбордук китепканада жана анын филиалдарында китептердин сакталышына өзгөчө көңүл буруу менен китеп фондусун көбөйтүү, окурмандарды тартуу жана шаардык мектептер менен тыгыз байланышта иш алып баруу Ж.Коңурбаева атындагы шаардык китепкананын директорунун башкы милдеттери катары эсептелсин жана иш алып барсын.
- Ак-Коргон аймагындагы №4 филиалынын имаратынын чатырын калыбына келтирүү максатында кошумча каржы булактарын табуу жана инвесторлорду тартуу боюнча долбоорлор менен иш алып баруу жагы китепкананын жетекчилигине тапшырылсын.
- Нарын шаардык мэриясы менен биргеликте мектеп окуучулар арасында тез окуу сынагын уюштуруу жана иш-чара өткөрүүгө демөөрчүлөрдү тартуу жагы шаардык китепкананын директоруна милдеттендирилсин.
- Жогорудагы белгиленген кемчиликтерди жоюу Нарын шаардык мэриясы тарабынан көзөмөлгө алынсын жана токтомдун аткарылышы боюнча 2022-жылдын сентябрь айынын ичинде Нарын шаардык Кеңешине маалымат берилсин.
Төрага А.Молдосалиев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, китепканага, туруктуу комиссияга.