НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ ХХVII СЕССИЯСЫНЫН №1 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

 КЕЗЕКСИЗ ХХVII СЕССИЯСЫНЫН

 № 1 ТОКТОМУ

 

24-ноябрь  2023-жыл                                                                                                                                                                        Нарын шаары

 

       Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинен акча каражатын бөлүү жөнүндө

       Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодекси”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө”, ”Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарына жана Нарын шаардык Кеңешинин Регламентине, Нарын шаардык мэриясынын сунушунун негизинде  Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы  токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын 1-январындагы “калдыктар” беренесинен Нарын шаардык мэриясына үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын долбоордук сметалык документтерин (ПСД) жасатууга 250,0 миң сом, “Кыргызайылтехсервис” ААКнун жер аянтын инвентаризациялоо жана чектеш аймактардагы турак-жайлардын чектерин аныктоого, топографиялык изилдөө жүргүзүү үчүн 100, 0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин:
  2. Нарын шаардык мэриясынын буйругунун негизинде бөлүнгөн акча каражатын каржылоо Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын финансы башкармалыгына тапшырылсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                               А.Молдосалиев

 

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, Нарын регионалдык финансы башкармалыгына, шаардык мэрияга; юстиция башкармалыгына;

Добавить комментарий