НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ II СЕССИЯСЫНЫН № 3 ТОКТОМУ

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

II СЕССИЯСЫНЫН

 № 3 ТОКТОМУ

 

29-ноябрь 2024-жыл                                                                                                                                                Нарын шаары

 

Нарын шаарындагы Ленин көчөсү 97/1 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 1,6 га жер тилкесинде жайгашкан, эскилиги жеткен имараттарды  бузууга макулдук берүү

                                                               жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын                             21-ноябрындагы № 748-т  тесемесине жана Нарын шаардык мэриясынын “ Кыймылсыз мүлктөрдү өткөрүп берүү жана кабыл алуу актысын бекитүү жөнүндөгү” 2024-жылдын 29-ноябрындагы №01-10/298-б буйругу менен Нарын шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алынган мүлктөрдү бузууга макулдук берүү боюнча Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде,  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КРнын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамын, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентин жетекчиликке алып, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

  1. Нарын шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алынган төмөндөгү мүлктөрдү бузууга  макулдук берилсин:
  • Аэрологиялык станция, баланстык наркы 1 423 312,54 (бир миллион төрт жүз жыйырма үч миң үч жүз он эки ) сом,54 тыйын;
  • Метеорит имараты, баланстык наркы 134,254,26 ( бир жүз отуз төрт миң эки жүз элүү төрт)26 тыйын;
  • Кампалар, баланстык наркы 33, 148,26 ( отуз үч миң бир жүз кырк сегиз ) 26 тыйын.

 

  1. Имараттарды бузуудагы иштерди мыйзам чегинде алып баруу жана иш кагаздарын жүргүзүү жагы  Нарын шаардык Муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына жүктөлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага                                                                                                                                       Ч.Муканбетжусупов

 

 _________________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, «Нарын  облустук юстиция башкармалыгына;

Добавить комментарий