НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ III СЕССИЯСЫНЫН
№ 1 ТОКТОМУ
11-декабрь 2024-жыл Нарын шаары
VI чакырылыштагы Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы Ч.Муканбетжусуповдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамын, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин 7-главасынын 7.2-пунктун жетекчиликке алып, Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы Ч.Муканбетжусуповдун өз арызына ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- VI чакырылыштагы Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы Муканбетжусупов Чынтемир Муканбетжусуповичтин Нарын шаардык Кеңешине жазган арызы эске алынсын.
- VI чакырылыштагы Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы Муканбетжусупов Чынтемир Муканбетжусуповичтин төрага катары ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
Төраганын орун басары Эмилбек Рысбек уулу
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына;