НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ XХIV СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2026-жылдын – майы №
Нарын шаарынын калкын таза суу менен камсыз кылуудагы жана саркынды сууларга карата кызмат акы тарифин көтөрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-39-беренелерин жетекчиликке алып, Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын долбоорунун II фазасында жасалып жаткан иштер боюнча таза жана саркынды суунун тарифин көтөрүү боюнча өткөрүлгөн коомдук угуулардын протоколдорун эске алуу менен, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катын, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча” жана “Бюджет, финансы, экономика, ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссияларынын биргелешкен отурумунун корутундусун угуп жана талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
- Нарын суу-канал ишканасынын таза сууга болгон төлөмдөрүнүн жаңы тарифи 1 метр куб суу 12 (он эки) сомдон 14 (он төрт) сомго, саркынды сууну агызуу 7(жети) сом 65 (алтымыш беш) тыйындан 9 (тогуз) сом 30 (отуз) тыйынга, ал эми, таза суу жана саркынды суу тутумдары бар абоненттерге 83 (сексен үч) сом 77 (жетимиш жети) тыйындан 99 (токсон тогуз) сом 22 (жыйырма эки) тыйынга, таза суусу бар абоненттерге 36 (отуз алты) сом 50 (элүү) тыйындан, 42 (кырк эки) сом 58 (элүү сегиз) тыйынга, суу түтүкчөлөрүнөн (колонка) алган абоненттерге 12 (он эки) сом 80 (сексен) тыйындан, 14 (он төрт) сом 93 (токсон үч) тыйынга көтөрүүгө макулдук берилсин. (тиркеме тиркелет)
- Нарын шаардык Кеңешинин V чакырылыштагы 2022-жылдын 2-мартындагы кезектеги Х сессиясынын №4 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
- Шаардын калкын таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча натыйжалуу иш аракеттерди күчөтүү иштери Нарын суу-канал ишканасына жүктөлсүн.
- Жаңы тарифтерди бекиттирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу Мамлекеттик агенттигинин Нарын облусу боюнча бөлүмү менен иш алып баруу жагы Нарын суу-канал ишканасынын жетекчисине тапшырылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.
- Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн, naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага Ж.Эсеналиев
