НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХХIV СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 29 -апрели №1
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгына атайын резиденция курууга 1 (бир) гектар жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-декабрындагы №805 токтомунун негизинде Нарын шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилген (Ага Хан фонду тарабынан берилген) жер тилкелеринин ичинен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгына атайын конок үйдү (резиденция) куруу максатында 1 (бир) гектар жер аянтын бөлүп берүү боюнча Нарын шаардык мэриясынын сунуш катын, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесин жетекчиликке алып, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы ”Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунда карап, талкуулап, корутундусунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп алынган (Ага Хан фонду тарабынан берилген) жер тилкелеринин ичинен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгына атайын (резиденция) курууга 1 (бир) гектар жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
- Жер тилкесин өткөрүп берүүдөгү иш кагаздарынын мыйзамдуу бүткөрүү, белгиленген тартипте жүргүзүү жагы Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.
- Резиденция куруу боюнча иш алып баруу жагы 1 (бир) жыл ичинде жүргүзүлбөгөн учурда ушул токтом күчүн жоготту деп таанылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага Ж.Эсеналиев
