НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХХIV СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 29–апрели №4
С.Орозбаков атындагы Нарын облустук маалыматтык тармактык китепканасынын имаратындагы жарактуу материалдарын шаардын муктаждыктарына жумшоо менен демонтаждоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Нарын шаарынын Ленин көчөсү №33 дарегинде жайгашкан С.Орозбаков атындагы Нарын облустук маалыматтык, тармактык китепканасы баланстык наркы 3 441 044 сомду түзгөн тиешелүү 6787,0 чарчы метр жер тилкеси менен Нарын шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилип, аталган жер тилкесине маданият тармагындагы мекемелерин бириктирген (ЦИКИ) 468 000 000 сомду түзгөн 3 кабаттуу административдик имараты курулууда жана куруу иштери 60-70% пайызды түзүп ушул жылдын жай айлары менен пайдаланууга Нарын шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүүгө куруучу (подрядчы) тарабынан берилерин, Нарын шаарынын Ленин көчөсү №33 дарегинде жайгашкан С.Орозбаков атындагы Нарын облустук маалыматтык-тармактык китепкананын имараттын жарактуу материалдарын шаардын муктаждыктарына жумшоо менен демонтаждоо боюнча Нарын шаардык мэриясынын сунуш катын, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы ”Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун корутундусун угуп жана талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаарынын Ленин көчөсү №33 дарегинде жайгашкан С.Орозбаков атындагы Нарын облустук маалыматтык, тармактык китепканасы, баланстык наркы 3 441 044 сомду түзгөн имараттын жарактуу материалдарын шаардын муктаждыктарына жумшоо менен демонтаждоого макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага Ж.Эсеналиев
