НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХХIV СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ 2026-жылдын 29-апрели №5 Нарын шаарынын муниципалдык менчигиндеги (Ага Хан тарабынан өткөрүлгөн) жер тилкелеринин ичинен 10 (он) гектар жер аянтын Мамлекеттик ипотекалык компаниясына бөлүп берүү жөнүндө

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  

                           КЕЗЕКТЕГИ ХХIV СЕССИЯСЫНЫН                            

  ТОКТОМУ

 

2026-жылдын  29–апрели №5

 

Нарын шаарынын муниципалдык менчигиндеги (Ага Хан тарабынан өткөрүлгөн) жер тилкелеринин ичинен 10 (он) гектар жер аянтын Мамлекеттик ипотекалык компаниясына бөлүп берүү жөнүндө

 

           Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын   12-декабрындагы №805 токтомунун негизинде Нарын                             шаарынын    муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилген (Ага Хан фонду тарабынан берилген) жер тилкелеринин ичинен көп                       кабаттуу ипотекалык турак жайларды курууга ылайыктуу болгон 10 (он) га жер аянтын Мамлекеттик ипотекалык компанияга бөлүп                   берүү пландалган. Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын  19-беренесине ылайык, Нарын             шаарынын муниципалдык менчигиндеги (Ага Хан тарабынан өткөрүлгөн) жер тилкелеринин ичинен 10 (он) гектар жер аянтын                           Мамлекеттик ипотекалык компаниясына бөлүп берүү боюнча Нарын шаардык мэриясынын сунуш катын Нарын шаардык Кеңешинин            алдындагы ”Муниципалдык менчик, жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура-курулуш, отун-энергетика, транспорт, экология            боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун корутундусун угуп, талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы                          токтом кылат:

  1. Нарын шаарынын муниципалдык менчигиндеги (Ага Хан тарабынан өткөрүлгөн) жер тилкелеринин ичинен 10 (он) гектар жер аянтын Мамлекеттик ипотекалык компаниясына бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
  2. Жер тилкесин өткөрүп берүүдөгү  иш кагаздарынын мыйзамдуу бүткөрүү, белгиленген тартипте жүргүзүү жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.
  4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

                                   Төрага                                                                                                                  Ж.Эсеналиев

 

Добавить комментарий