НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХХIV СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ 2026-жылдын 29-апрели № 7 Нарын шаарынын Москва чөлкөмүндөгү Кирпич завод №1 участогундагы 8 (сегиз) га жер тилкесин Нарын шаарынын муниципалдык балансына кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  

                           КЕЗЕКТЕГИ ХХIV СЕССИЯСЫНЫН                            

   ТОКТОМУ

2026-жылдын     29-апрели № 7

 

Нарын шаарынын Москва чөлкөмүндөгү Кирпич завод №1 участогундагы 8 (сегиз) га жер тилкесин Нарын шаарынын муниципалдык балансына кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

 

            Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары                      жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын     19-                     беренесин жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катын Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы   “Муниципалдык,               менчик жер, курулуш, архитектура, отун энергетикасы, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун                      корутундусун угуп жана талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:

1.Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын балансында турган Нарын шаарынын Москва чөлкөмүндөгү Кирпич завод №1                                      участогундагы идентификациялык коду         4-05-01-0002-0946 сандуу номердеги 8 (сегиз) га жер тилкесин Нарын шаарынын                                  муниципалдык балансына кабыл алууга макулдук берилсин.

  1.   Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып                            күчүнө кирет.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы

“Муниципалдык, менчик жер, курулуш, архитектура, отун энергетикасы, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясына                  тапшырылсын.

 

 

                                   Төрага                                                                                                  Ж.Эсеналиев

 

 

 

Добавить комментарий