НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XХIV СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ 2026-жылдын 29 — апрели №6 «Нарын шаардык автобекет» муниципалдык ишканасына кошумча штаттык бирдик ачуу жана штаттык бирдиктериндеги жалпы кызматкерлердин айлык эмгек маяналарын бекитүү жөнүндө

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ

КЕЗЕКТЕГИ XХIV СЕССИЯСЫНЫН

 ТОКТОМУ

2026-жылдын    29 — апрели  6

 

 «Нарын шаардык  автобекет» муниципалдык  ишканасына   кошумча штаттык бирдик ачуу жана штаттык бирдиктериндеги жалпы кызматкерлердин  айлык эмгек маяналарын бекитүү жөнүндө

 

         Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодекси жөнүндө»,  Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып,  Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде  Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы «Бюджет, финансы жана экономика, инвестиция, ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясынын отурумунун корутундусун угуп, талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

  1. «Нарын шаардык автобекет» муниципалдык ишканасына   иштин зарылчылыгына байланыштуу, 2026-жылдын май  айынан баштап кошумча  1 (бир) кассир штаттык бирдиги  ачылып берилсин жана ушул жылдын 11-майынан  баштап ишкананын  штаттык бирдигине киргизилсин, ошону менен бирге тиркемеге ылайык штаттык бирдиктериндеги жалпы кызматкерлердин  эмгек акы маяналары бекитилсин жана 2026-жылдын 11-январынан тартып эсептөө жагы жүргүзүлсүн. (тиркеме тиркелет)
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
  3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

                                         Төрага                                                                                             Ж.Эсеналиев

 

№6 токтом тиркеме

 

 

Добавить комментарий