НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХXХ СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ 2026-жылдын 2-октябры № 3 Нарын шаардык Кеңешинин V чакырылыштагы кезектеги ХХХVI сессиясынын 2024-жылдын 14-июнундагы “Нарын шаарындагы электробус каттамдарынын жүргүнчүлөр үчүн жол кире акысын бекитүү жөнүндөгү” №10 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  

                           КЕЗЕКТЕГИ ХXХ СЕССИЯСЫНЫН                            

  ТОКТОМУ

                                              

      2026-жылдын    2-октябры  № 3                                                                                                            Нарын шаары                   

 

Нарын шаардык Кеңешинин  V чакырылыштагы кезектеги ХХХVI сессиясынын    2024-жылдын  14-июнундагы “Нарын шаарындагы  электробус каттамдарынын  жүргүнчүлөр үчүн  жол кире  акысын бекитүү   жөнүндөгү”

№10 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

      Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренсин жана  31-беренесинин 14-пунктун жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы,экономика жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун корутундусун угуп жана талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаардык Кеңешинин V чакырылыштагы кезектеги    ХХХVI сессиясынын 2024-жылдын  14-июнундагы №10 токтомунун    1-пунктундагы  “Нарын шаарындагы  электробус каттамдары үчүн жол кире акысы 1-4 –класстардын окуучуларына  5 (беш) сомго, ал эми  жалпы жүргүнчүлөр үчүн 10 (он)  сомго бекитилсин”-деген сүйлөмдөрдөгү электробус деген сөз, “коомдук транспорт”-деген сөздөр менен алмаштырылып, “Нарын шаарындагы  коомдук транспорт  каттамдары үчүн жол кире акысы   1-4-класстардын окуучуларына 5 (беш) сомго,  ал эми  жалпы жүргүнчүлөр үчүн 10 (он)  сомго бекитилсин”- деп өзгөртүлсүн.
  2. Ал эми, токтомдун калган пункттары өзгөртүүсүз калтырылсын.
  3. Токтомдун аткарылышы Нарын шаардык мэриясы тарабынан көзөмөлдөнсүн.
  4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

                   Төрага                                                                                                                                              Ж.Эсеналиев

Добавить комментарий