НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХХХ СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 2 -октябры №4 Нарын шаары
Акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексин”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Нарын шаардык Кеңешинин Регламентин жектекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш каттарынын негизинде Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Бюджет, финансы, экономика жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин “Калдыктар ” беренесинин эсебинен Жаңы-Жол аймагындагы жолду кеңейтүү максатында, Нарын шаарынын Жаңы-Жол аймагында жайгашкан «Тайлак Баатыр» эстелигин «Алма-Бак» паркына көчүрүү иштерин жүргүзүү үчүн 9 116 700 (тогуз миллион жүз он алты миң жети жүз) сом өлчөмүндөгү акча каражаты бөлүнүп берилсин.
- Нарын шаардык мэриясынын буйругунун негизинде, бөлүнгөн акча каражатын каржылоо Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Нарын финансы башкармалыгына тапшырылсын.
- Бөлүнгөн акча каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөө жагы Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Бюджет, финансы, экономика жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Ж.Эсеналиев
