НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ XVIII СЕССИЯСЫНЫН № 6/16 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН  ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ XVIII СЕССИЯСЫНЫН

№ 6/16 ТОКТОМУ

22-октябрь  2014-жыл                                                                                                                          Нарын шаары

Сопакунов Улан Моңолдоровичке  Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө

Сопакунов Улан Моңолдорович 1974-жылы 1-июнда Ат- Башы районуна караштуу Баш Кайыңды айылында туулган.1981-жылы Баш Кайыңды айлындагы С.М.Киров атындагы орто мектебине кирип, 1991-жылы мектепти ийгиликтүү аяктаган. 1991-1992-жылдары жеке ишкерлик менен алектенген. 1992-1995-жылдары Нарын айыл-чарба техникумунун тери иштетүү боюнча технолог -инженер адистигин бүтүргөн. 1995-2002-жылдары Нарын Мамлекеттик Университетинин «Электр чордондору жана көмөк чордондору» адистиги боюнча билим алып, адис-инженер кесибине ээ болгон. 1996-2001-жылдары №2058 Чек ара кызматында электро монтер 2001-2009-жылдары «Чыгыш-электр» ААКнун Нарындагы филиалында электро-монтер, электро-слесарь КИП,  2009-2010-жылдары «Чыгыш электр» ААКнун Нарындагы филиалылында мастер КИП, 2010-2011-жылдары «Чыгыш электр» ААКнун Нарындагы филиалынын метрология бөлүмүндө иштеген.2011-2013-жылдары Нарын РЭСинде акимдин орун басары, бүгүнкү күндө метрология бөлүмүндө мастер болуп эмгектенип келүүдө.Нарын шаардык Кеңешинин «Замандаш-Современник» фракциясынан депутат.

            Энергетика тармагындагы эмгектери жана жетишкендиктери үчүн «Чыгышэлектр» ААКнун Нарындагы филиалынын сунушунун негизинде туруктуу комиссиянын протоколуна ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

 

                                                       ТОКТОМ КЫЛАТ

1.      Энергетика тармагындагы эмгектери жана кошкон салымдары үчүн Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан, Нарын шаарынын « Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

 

2.      Жобого ылайык Сопакунов Улан Моңолдоровичке атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын « Ардактуу атуулу» төш белгиси жана күбөлүгү тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                                   Э.Турсуналиев

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, У.Сопакуновго, Нарын шаардык мэриясына

Обсуждение закрыто.