НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XVI СЕССИЯСЫНЫН
№2/11ТОКТОМУ
29-август 2014-жыл Нарын шаары
Көгөева Сапина Ажыкеевнага Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндөгү
Көгөева Сапина Ажыкеевна 1960-жылы 10-январда Жумгал районунун Жумгал айылында төрөлөлгөн. 1967-жылы мектепке кирип, 1977-жылы орто мектепти ийгиликтүү аяктап, ошол эле жылы уюшулган Жумгал элдик “Бек-Бекей” ыр-бий ансамблине кирген. 1979-1981-жылы Филармониянын 2 жылдык студиясын бүтүргөн. 1981-жылдан баштап Нарын музыкалуу драм театрына ишке орношуп, бүгүнкү күнгө чейин эмгектенип келүүдө.
Көгөйева Сапина Ажыкеевна ошол жылдардын ичинде көптөгөн башкы каармандардын образдарын сахнада жогорку чеберчилик менен жарата алды. Алсак, Т.Актановдун “Күч күйө” спектаклинде Алмушканын, Ж.Өзубекованын “Кыял” спектаклинде Алчаны, Б.Мукаевдин “Эңсеген түнн” спектаклинде Баянды , Т.Исмаиловдун “Тергөөгө чейин” спектаклинде Гүлсүндү, Т.Актановдун “Эр Табылды” Торкону, М.Тойбаевдин “Сыйкырчы кыз” Сыйкырчы кыздын ролун, К.Мамбетакунов “Боз бойдок” Карылгачты, Б.Алиев “Адам азыткы” Жамал, Ш.Турдакунова “Уурдалган өмүр” Сулууну, С.Раевдин “Күн кармаган бала” Чычкан, А.Мамбетов “Адам шайтан” бузуку аялды, М.Найманбаев “Бугу эне” Бугу энени, У.Шекспир “Отелло” Эмилияны, К.Иманалиевдин “Курманжан Датка” Касиет, О.Айтымбетов “Тозоко кеткен жол” аялды, Ш.Шаршеев “Алиман эненин жомогу” Ак чүкөнү, Н.Хикмен “Махабат челноктору” энесин, Т.Абдымомунов “Борбаштын досу Камбагай” аялды, В.Дельмардын “Жашоо деген…” Анитаны, Ч.Айтматов “Ак-кеме” Аксак кемпирди, Э.Токтомушева “Айыл таңы” врачты, К.Иманалиевдин “Курманжан Датка” спектаклинде Ак элечекчен аялдын, А.Кускаковдун “Доор аяны” тарыхый драмасында Хинддин жана башка образдарды жараткан.
Көгөева Сапина Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ардак грамотасы” Кыргыз Республикасынын Билим, илим жана маданият министрлигинин, , Кыргыз Республикасынын Билим, илим жана маданият министрлигинин “Диплому” менен сыйланган.
Көгөева Сапинанын маданият тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндөгү Нарын облустук академиялык музукалык драма театрынын чыгармачыл жамаатынын сунуш катынын жана депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Маданият тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Көгөева Сапинага Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2.Жобого ылайык атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” төш белгиси жана күбөлүгү тапшырылсын.
Төрага Э.Турсуналиев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, С.Көгөевага, Нарын облустук академиялык музукалык драма театрына.