НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XVI СЕССИЯСЫНЫН №2/3ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ           КЕЗЕКТЕГИ  XVI СЕССИЯСЫНЫН

                                                                          №2/3ТОКТОМУ

 

 

                29-август 2014-жыл                                                                                                            Нарын шаары

 

Токонов Абылмажинге Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө

 

Токонов Абылмажин 1954-жылы Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айлында туулган.  Эмгек жолун 1971-жылы Ой-Терискен орто мектебин бүтүргөндөн кийин Ача-Кайыңды айылында жумушчу болуп иштөө менен баштаган.1973-1976-жылдары Советтик Армиянын катарында Кара деңиз флотунда кызмат өтөгөн.1977-1981-жылдары Фрунзе шаарында дене тарбия институтун окуп бүтүргөн.1981-1983-жылдары Нарын шаардык комсомол комитетинде сектор башчы болуп иштеген.1983-1994-жылдары Нарын өндүрүштүк транспорт бирикмесинде кадрлар бөлүмүнүн башчысы, 1994-1999-жылдары Нарын автовокзал жана автобекеттер ишканасынын генералдык директору,1994-2006-жылдары Нарын шаардык электр тармактар ишканасында контролер,  башкы контролер болуп болуп иштеген.2006-2013-жылдары Таза-Нарын ишканасында механик, абоненттик бөлүмдүн башчысы, башкы инженер, директордун орун басары жана директор болуп иштеп, 2013-жылдын апрель айынан бери Нарын шаардык жашылдандыруу мекемесинде жетекчи болуп иштеп келе жатат.

Токонов Абылмажин иштеги жетишкендиктери үчүн Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык Кеңешинин  “Ардак Грамотасы” менен сыйланган.

Токонов Абылмажиндин Нарын шаарындагы калкты тейлөө  мекемелеринде эмгектенген үзүрлүү эмгеги үчүн Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү  Нарын шаардык жашылдандыруу мекемесинин эмгек жамаатынын жана депутаттык туруктуу комиссиянын протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                  ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1.      Нарын шаарындагы  тейлөө мекемелеринде  үзүрлүү эмгектери үчүн Токонов Абылмажинге  Жобого ылайык сессияга катышкан депутаттардын  көпчүлүк добушуна ээ болгондуктан    Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.

 

2.      Жобого ылайык Токонов Абылмажинге  атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын «Ардактуу атуулу» төш белгиси жана күбөлүгү тапшырылсын.

  

   

                   Төрага                                                                               Э.Турсуналиев   

 

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, Токонов Абылмажинге, жашылдандыруу мекемесине

Обсуждение закрыто.