НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ XII СЕССИЯСЫНЫН № 1 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                    

XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ XII СЕССИЯСЫНЫН

№ 1 ТОКТОМУ

3-апрель 2014-жыл                                                                                                                          Нарын шаары

2013-жылга Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин аткарылышын бекитүү жөнүндө

 

             Нарын шаарынын 2013-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын бекитүүдө «Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы -экономикалык негиздери жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын жетекчиликке алынып, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Нарын шаарынын 2013-жылдын жергиликтүү бюджеттин киреше жана   чыгаша бөлүгү тиркемеге ылайык бекитилсин. (№ 1 тиркеме тиркелет)

2. Нарын шаарынын 2013-жылдын жергиликтүү бюджетинде бекитилген резервдик фонд Нарын шаарынын мэриясынын буйруктары менен берилген   993,8   миң сом акча каражаты бекитилсин. (№ 2 тиркеме тиркелет)

3. Нарын шаарынын 2013-жылдын жергиликтүү бюджетинин башка категорияга кирбеген экономикалык чыгымдардан Нарын шаардык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын протоколунун негизинде Нарын шаардык мэриясынын буйруктары менен берилген 6074,8 миң сом акча каражаты бекитилсин. (№ 3 тиркеме тиркелет) .

4. Токтомду аткаруу жагы Нарын шаардык финансы бөлүмүнө (Ж.Урустемов) тапшырылсын.

        Төрага                                                                  Э.Турсуналиев каттоо №2014-5

Жөнөтүлсүн: иш кагазга , туруктуу комиссияга, шаардык мэрияга, Нарын шаардык финансы бөлүмүнө

Обсуждение закрыто.