НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ X I СЕССИЯСЫНЫН № 4 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН  ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ     КЕЗЕКТЕГИ      X I СЕССИЯСЫНЫН                                         

                                                                                                          № 4 ТОКТОМУ                                                                                                    

 28-февраль 2014-жыл                                                                                    Нарын    шаары

                                                                          Энергетикалык ичимдиктерди сатууга                                                                                                  тыюу салуу боюнча Кыргыз Республикасынын      Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын                                                                                                 Өкмөтүнө Кайрылуу жолдоо жөнүндө

            Нарын шаардык Кеңешинин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Молдосалиев Автандил Жыргалбаевич 18 жашка чыга элек жаш өспүрүмдөрдүн ден соолугуна, психологиясына энергетикалык ичимдиктер  зыян келтирип жаткандыгына байланыштуу шаардык Кеңештин сессиясында бул ичимдиктерди сатууга тыюу салуу үчүн атайын токтом чыгаруу боюнча шаардык Кенешке кат жүзүндө кайрылган.

            Сунуш кат шаардык Кеңештин алдындагы “Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо,  Регламент, мандат, этика,  коррупцияга каршы күрөшүү  боюнча” туруктуу комиссиясынын кароосуна коюлуп, комиссия өз отурумунда энергетикалык ичимдиктерди сатууда жеке ишкерлер тарабынан атайын лицензиянын негизинде сатылып жаткандыгына байланыштуу, сатууга тыюу салуу боюнча токтом чыгарууда, шаардык Кеңештин кабыл алган токтому менен ишкерлердин укугу корголбой кала тургандыгын, эгер ишкерлер тарабынан  шаардык прокуратурага  кайрылуулар болсо, шаардык Кеңештин токтомуна  каршылык билдирүү болоорун эске алууну айтышкан. Мындан сырткары туруктуу комиссиянын депутаттары бул ичимдикти колдонууда Нарын шаарынын жаш өспүрүмдөрү эмес, бүтүндөй республиканын жаш өспүрүмдөрүнүн ден соолугуна зыян келип жаткандыгын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Нарын шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан энергетикалык ичимдиктерди Кыргызстанга алып кирүүгө  жана сатууга тыюу салуу жөнүндө Кайрылуу жолдоо маселесин шаардык Кеңештин сессиясынын күн тартибине киргизүү сунушун билдиришкен.

            Күн тартибине киргизилген бул маселе боюнча шаардык Кеңештин айрым депутаттарынын сунушун угуп жана талкуулап  Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                                   ТОКТОМ КЫЛАТ

1.      Энергетикалык ичимдиктер 18 жашка толо элек жаш өспүрүмдөрдүн ден соолугуна, психологиясына зыян келтирип жаткандыгын эске алуу менен бул ичимдиктерди Кыргызстанга алып кирүүгө жана сатууга тыюу салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө  Кайрылуу жөнөтүлсүн.

2.      Нарын  шаарында энергетикалык ичимдиктерди сатууга тыюу салууга, энергетикалык ичимдиктин курамындагы зыяндуу элементтерди аныктоого  карата  шаардык Кеңештин депутаттарынан,  медицина кызматкерлеринен, укук коргоо органдарынан, шаардык мэриянын жоопту кызматкерлеринен  турган комиссия түзүлсүн жана комиссиянын билдирүүсү шаардык Кеңештин кезектеги сессиясынын күн тартибине киргизилсин.

3.      Энергетикалык ичимдиктер 18 жашка толо элек жаш өспүрүмдөрдүн ден соолугуна, психологиясына зыян келтирип жаткандыгын эске алуу менен бул ичимдиктерди Нарын шаарына алып келип сатууга бөгөт коюу максатында,  Нарын шаардык ишкерлер  ассоцациясы менен тегерек стол уюштуруу жана  телевидение аркылуу шаар тургундарына атайын телеберүү уюштуруу жагы Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо,  Регламент, мандат, этика,  коррупцияга каршы күрөшүү  боюнча” туруктуу комиссиясына  (Б.Балбаев) тапшырылсын.

4.      Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Мыйзамдуулук, укук тартиби, коргоо,  Регламент, мандат, этика,  коррупцияга каршы күрөшүү  боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын

               Төрага                                                                               Э.Турсуналиев   

Жөнөтүлсүн:иш кагазга, туруктуу комиссияга 

Обсуждение закрыто.