НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ X СЕССИЯСЫНЫН № 3 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН  ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН  XXVI  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ             КЕЗЕКТЕГИ    X СЕССИЯСЫНЫН

№  3 ТОКТОМУ        

18-декабрь  2013-жыл                                                                                                         Нарын шаары

 

Нарын шаардык маданият бөлүмүнүн аткарып жаткан иштери жана ишмердүүлүгү  жөнүндө

            Нарын шаардык маданият  бөлүмүндө 12 штаттык бирдик менен 12 адам эмгектенет, алардын ичинен 8 адам чыгармачылык иштерди аткарышат. Маданият бөлүмүнүн милдеттери шаар аймагындагы өткөрүлүүчү баардык иш чаралардын жүрүшүн камсыз кылуу жана мекеме-ишканалар, өкмөттүк эмес уюмдар менен маданий массалык жактан чыгармачылык менен иш алып баруу.Маданият бөлүмүнун баардык чыгымдары жергиликтүү бюджеттен каржыланат. 2010-2011-жылдары жергиликтүү бюджеттин тартыштыгына байланыштуу  бөлүмгө жылдын 10 айына эмгек акы  каралып, ал эми 2 айлыгы өзүлөрүнүн атайын каражат эсебине (спец.счет) акча каражатын түшүрүү жолу  менен айлык акыларын каржылоо жагы милдеттендирип келген. Бирок, мекеме тарабынан белгиленген  айлардын акча каражатын каржылоо жагы же атайын каражатка (спец.счет) акча каражатын түшүрүү жагы аткарылган эмес.Мындан сырткары 2011-жылы жергиликтүү бюджеттен 62,0 миң сом акча каражаты каралып, бул каражатка “Ыр санат-Ыр куржун” кароо-сынагына  улуттук кийимдер тиктирилген. 2012-жылы 11айга эмгек акы каралып, бөлүмгө керектүү үн күчөткүч  2 калонкасы менен, микрафон, комуз жана бирдей сахна кийимдери, бут кийимдер сатылып алынган. Ар кандай чыгымдар үчүн 40,0 миң сом, командировкалык чыгымдар үчүн 15,0 миң сом акча каражаты каралган. 2013-жылы  эмгек акы жылдын 12 айына каралып, жаңыдан түзүлгөн “Рух” тобуна 110,0 миң сомго улуттук кийимдер,улуттук аспаптар  алынган.

Маданият бөлүмү тарабынан  “Жаңы-Жыл”, 8-март Эл аралык аялдар күнү, 21-март “Нооруз” майрамына, 31-август Эгемендүүлүк күнүнө, 2013-жыл “Иштерман” жылына, Нарын шаарынын 145 жылдыгына  жана   шаарда  өткөрүлүп жаткан иш чаралардын сценарийлерин түзүп, уюштуруу иштерин жүргүзүп келет.Мындан сырткары бөлүмдүн кызматкерлери коомдук уюмдар, жаштар Кеңеши  тарабынан уюштурулуп жаткан ар  кандай кароо сынактардын катышуучу улан-кыздарына жакындан жардам беришип, жыйынтыгында жеңиштүү орундарды камсыз кылышып, Республикалык кароо сынакка жолдомо алышкан. Мындан сырткары шаарыбыздагы  ар кыл кесипте эмгектенген мекемелерге  кесиптик майрамдарга арналган кароо сынактарды уюштурууда да өз кызматтарын аткарышууда. Нарын шаардык мэриясынын демилгеси менен  улуу композитор Жумамүдүн Шералиевдин 100 жылдыгына карата кароо сынактар, “Иштерман” жылына карата Аксуубай Атабаевдин ырларын ырдатып бир катар оюун зоок кечелери өткөрүлгөн. Таттыбүбү Турсунбаеванын 75 жылдыгына сценарийлер түзүлүп, кортунду концертине атайын номерлер тартууланган.   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасына ылайык Күү майрамын белгилөөдө  Калык Акиевдин 130 жылдыгына , Ыбрай Тумановдун 125 жылдыгына карата “Ыбырай кара күүнүн атасы, Калык ар өнөрдүн жакасы аттуу”  шаардык иш чара өткөрүлүп,  өтмө кезек  Нарын районуна берилген. Шаардык маданият бөлүмү  ар кандай иш чараларга катышууда өз демилгелери менен бир катар иштерди аткарышууда. Жаңыдан уюшулган “Рух” тобу да шаардык маданият бөлүмүнүн чыгармачылык иштерин алга жылдырууга карата өз өнөрлөрүн көрсөтүүдө.

Аткарылып жаткан иштер менен катар мекемеде көйгөйлүү маселелер да орун алып, бүгүнкү күндө мекеменин эң көйгөйлүү маселелеринин бири болуп иш кабинеттеринин тардыгы. Мекемеде 12 адис эмгектенсе,  4 адам отурууга ылайыкталган 2,5×3 чарчы метрди түзгөн иш кабинетте шаардык маданият бөлүмүнүн иши аткарылууда. Тактап айтканда бөлүмдун иш алып баруусуна шарт жок. Бул маселе канча жылдан бери айтылып келсе дагы шаар жетекчилиги тарабынан  аракеттер  көрүлбөгөн.  Шаардык маданият бөлүмү тарабынан бөлүмдүн  материалдык техникалык базасын чыңдоого карата  атайын каражатка (спец. счет) акча каражатын түшүрүү өз деңгээлинде аткарылган эмес. Маалымат катары белгилей кетсек 2011-2012-2013-жылдары болгону мекеменин атайын каражатына (спец. счетуна) 11650 сом акча каражаты түшкөн.

Нарын шаардык маданият бөлүмүнүн аткарып жаткан иштери жана ишмердүүлүгү  боюнча  туруктуу комиссиянын жана шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы Т.Ниязовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

 

                                                                                         ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Нарын шаардык маданият бөлүмүнүн аткарып жаткан иштери жана ишмердүүлүгү  жөнүндө  шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы Т.Ниязовдун билдирүүсүн эске алуу менен токтомдо көрсөтүлгөн бир катар кемчиликтерди оңдоо максатында иш аракеттер көрүлсүн.

 

2.Нарын шаардык маданият бөлүмүнүн иш аракеттерин жакшыртуу, шаарыбыздын маданий иш чараларын уюштурууну   алдыңкы деңгээлге жеткирүүдө   шаардык маданият бөлүмүнүн иш абалын жакшыртуу  максатында  шаардык  маданият бөлүмүнүн азыркы имаратына  кошумча бөлмө курууга карата  2014-жылдын жергиликтүү бюджетинен кетүүчү акча каражатын тактоо менен иш кабинеттерин кеңейтүүгө сунуштарды берүү же   ылайыктуу  муниципалдык имаратка жайгаштыруу жагы  шаардын мэри Б.Жээналиевге  жана  вице мэр С.Эсенамановага   милдеттендирилсин.

 

3.Нарын шаардык маданият бөлүмү (Т.Ниязов) тарабынан  мекеменинин материалдык техникалык базасын чыңдоого карата, заманбап музыкалык аспаптар менен камсыз кылууга алгылыктуу аракеттер жүргүзүлбөй жаткандыгы жана  маданият бөлүмү өзүнүн чыгармачылыгы менен шаардык маданият бөлүмүнүн атайын каражатына (спец.счетуна) жеткиликтүү деңгээлде акча каражатын түшүрбөй жаткандыгы белгиленсин.

4.2014-жылдын жергиликтүү бюджетин бекитүүдө шаардык маданият бөлүмүнүн атайын каражатына (спец. счетуна) план тапшырма берилсин жана аткаруу жагы  шаардык финансы бөлүмү тарабынан көзөмөлгө алынсын.

 

               Төрага                                                                              Э.Турсуналиев    

Жөнөтүлсүн: иш  кагазга, шаардык мэрияга, маданият бөлүмүнө, финансы бөлүмүнө

Обсуждение закрыто.