НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ X СЕССИЯСЫНЫН № 2 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН  ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН  XXVI  ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ         КЕЗЕКТЕГИ    X СЕССИЯСЫНЫН     

                                                                                                                                  №  2  ТОКТОМУ                                                                                                                                                  

  18-декабрь  2013-жыл                                                                                                                 Нарын шаары

Базарлардын айланасын ирээтке келтирүүдө, көрктөндүрүүдө шаардык мэриясынын, шаардык муниципалдык менчик департаментинин аткарып жаткан иштер жөнүндө

            2012-жылдын 11-апрелинде Нарын шаардык Кеңешинин XXV чакырылштагы  XXIII сессиясынында Нарын шаарынын борбордук базарынын айланасын ирээтке келтирүү, өрт коопсуздугун сактоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү маселеси каралып, сессиянын №8 токтому менен Нарын шаардык мэриясына, шаардык муниципалдык менчик департаментине жана шаардык мэриянын алдындагы тиешелүү мекемелерге бул ишти колго алуу жагы милдеттендирилген  . Токтомду аткаруу максатында Нарын шаардык мэриясынын 11.07.2013-жылы №295-б буйругу менен атайын комиссия түзүлүп, иш жүргүзүп келишкен.Жогорудагы жагдайларды эске алуу менен  базарлардын айланасын ирээтке келтирүү, көрктөндүрүү  иштери атайын  шаардык Кеңештин 2013-жылынын иш планына киргизилген .

             Нарын шаардык мэриясынын жана шаардык муниципалдык менчик департаментинин берген маалыматтарына ылайык Нарын  шаарынын борбордук базарынын айланасын ирээтке келтирүүдө Нарын шаарынын мэри Б.Жээналиевдин жетекчилиги менен атайын штаб уюштурулуп, он эки жолу штабдын отуруму өткөрүлгөн.2012-жылы “Он- Арча” соода комплекси бүткөрүлүп, 150 адам соода орду менен камсыз болгон. “Он-Арча” соода комплексинин күн чыгыш тарабындагы жашылча жемишти ачык түрүндө  саткандар жаңы ачылган “Чолпон” соода комплексине көчүрүлүп, 60 тан ашуун сатуучу  жаңы орун менен камсыз болгон . Ушул эле “Чолпон” базарынын 2-кабаты бүткөрүлүп, жакын арада 3-4-кабаттарын бүткөрүү алдында турат.

            Бүгүнкү күндө “Кут-Ордо” базарынан  орундар берилип , чарба буюмдары сатылууда. Ушул эле базардын күн батыш тарабынан автоунаалар менен жер жемиш саткандарга орундар берилип, С.Андабеков көчөсүндө да “Мегокомфорт” соода комплексинде курулуш материалдары сатылууда.Ал эми  Жумакеев Набийдин базарынан килем сатуучуларга  атайын орундар берилген.Мындан сырткары 2012-жылдын башынан бери ун базардын күн батыш тарабынан жер жемиш саткандарга орундар берилип 30тан ашык ишкерлер соода кылышууда.

            Комиссия тарабынан шаардагы борбордук базардын айланасын ирээтке келтирүү боюнча иш аракеттер, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп С.Орозбак көчөсүнүн жээгиндеги нан сатуучуларга атайын орундар берилген. Түзүлгөн комиссия Шулер, С. Орозбак көчөлөрүндөгү жол боюнда туруп  соода кылып жаткан жер жемиш, байпак, кийим кече, нан, сүт ж.б. саткандарга жана автоунаалары менен туруп алып соода кылып жаткандарга МАИ кызматкерлери тарабынан автоунаалардын ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кээ бир учурда жеке номерлерин чечип алуу, чаралары көрүлүп, айыптар салынууда . Алсак,  МАИ кызматкерлери тарабынан базар тегерегинде жол эрежесин бузган 215 автоунаа ээлерине айып салынып, анын ичинен 17жеке автоунаасы менен соода кылган жеке  ишкерлерге айып салынып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Ал эми көчөдөгү жайма базардын ээлерине патент алдыруу боюнча салык кызматына тапшырма берилип, жер жемиш саткан 5 жеке ишкер, Шулер көчөсүндөгү жашыл контейнерде соода кылган 5 жеке ишкер патент алып, калганына патент алдыруу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

            Нарын шаардык муниципалдык менчик департаментинин берген маалыматына ылайык шаардын борбордук базарынын айланасында муниципалдык жер аянттарын ижарага алып соода күркөөлөрүн жайгаштырган жараандардын саны 53 же жалпы аянты 1456,9 чарчы метр жер аянты ижарага берилген, же бүгүнкү күндө 31 соода павильион, 17 контейнер, 4 киоск, 1 тандыр, 1 ашкана, 1 вагон жана 6 дүкөн бар. Алардан алынуучу  бир айлык ижара акысынын жалпы суммасы 38507 сомду түзөт.

            Мындан сырткары шаардык муниципалдык менчик департаменти Шуллер көчөсүндө жайгашкан 16 жашыл контейнерлерди алдыруу үчүн сот органдарына кайрылып, бүгүнкү күндө соттук териштирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгын, көчө жээгинде жер –жемиш саткан жарандарга да чаралар көрүлүп жаткандыгы жөнүндө маалымат беришүүдө.

             Нарын шаардык мэриясынын жана шаардык муниципалдык менчик департаментинин Нарын шаарынын борбордук базарынын айланасын ирээтке келтирүүдө жогорудагы аткарып жаткан иштери менен катар,  дагы деле болсо бир катар кемчиликтер орун алууда. Алсак С.Орозбак көчөсүнүн жээгинде ар кандай жер жемиштерди сатып жаткан жарандардын орун алуусу  ушул көчө менен каттап жаткан автоунааналардын  каттамдарына жана  жөө адамдардын каттоосуна  жолтоо болууда.  Ошондой эле Шуллер көчөсүнүн  жээгинде ирээтсиз  соода кылуучулар дагы  бир катар ирээтсиздикти пайда кылууда.Нарын шаарында бир нече  заманбап соода борборлору ачылса да соодагерлердин баш аламан жайгашуусу С.Орозбак  көчөсүнүн көркүн бузуп, автоунаа каттамдарында ар дайым ыңгайсыздыктарды жаратууда.

            Базарлардын айланасын ирээтке келтирүүдө, көрктөндүрүүдө Нарын  шаарынын мэриясы жана  шаардык муниципалдык менчик департаменти тарабынан аткарылып жаткан иштери боюнча  Нарын шаарынын 1-вице мэри А.Сурановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы

                                                                                                                                   ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

1.      Базарлардын айланасын ирээтке келтирүүдө, көрктөндүрүүдө Нарын шаардык мэриясы жана Нарын шаардык муниципалдык менчик департаменти тарабынан аткарылып жаткан иштери жөнүндөгү Нарын шаарынын 1-вице мэри А.Сурановдун билдирүүсү эске алынсын.

2.      С.Орозбак көчөсүнүн жээгинде ар кандай жер жемиштерди сатып жаткан жарандардын орун алуусу көчө  менен өтүп жаткан автоунаа каттамдарына, жөө адамдардын жүрүшүнө жолтоо болуп жаткандыгын эске алуу  менен шаардык мэрия (Б.Жээналиев), шаардык ички иштер бөлүмү (М.Турпанбаев) тарабынан көзөмөлдүкө алынып, ирээтке келтирүү жагы тиешелүү мекеме жетекчилерине тапшырылсын.

3.      Нарын шаарынын борбордук базарынын айланасын ирээтке келтирүүдө С.Орозбак, Шуллер көчөсүндө  жер жемиш жана ар кандай соода сатык кылуучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аларды жаңы ачылган “Кут- Ордо”, “Чолпон”, “Он Арча” базарларына жайгаштыруу жагы Нарын шаардык мэриясына (А.Суранов), шаардык муниципалдык менчик департаментине (М.Мамбетакунов), шаардык ички иштер бөлүмүнө (М.Турпанбаев)  жана базарлардын ээлерине милдеттендирилсин.

4.      Нарын шаарынын борбордук базарында жайгашкан кичи базарлардын жетекчилерине (Б.Аттокуров, С.Эсеналиев, Ж.Жумакадыров,К.Эсеналиев, М.Мытыев, Н.Жумакеев) жана соода комплекстеринин башчыларына (Т.Байбосов, Г.Жумагулова, Б.Байтүгөлов, өз тегерегиндеги  кичи көчөлөргө оңдөп түзөө иштерин жургүзүү жана ирээтке келтирүү менен тазалыкты сактоо, айланасына түнкү жарык менен камсыз кылуу,өрт коопсуздугун сактоо жагы милдеттендирилсин.

5.      С.Орозбак көчөсүнүн оң, сол тараптарында баш аламан токтоп турган автоунааларга жол бербөө, аларды ирээтке келтирүү, автоуунардын атайын токтоочу жайын уюштуруу, жол эрежесин  сактоочу атайын белгилерин орнотуу  жана жол коопсуздугун сактоочу МАИнин штаттык бирдигин ачуу боюнча шаардык Кеңешке сунуш берүү Нарын шаардык мэриясына(Б.Жээналиев), Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнө (М.Турпанбаев) милдеттендирилсин.

6.      Соода павилондорун өз багытында эмес пайдаланууга, базарлардын айланасындагы короо жайларды жана жер аянттарын өз багытында эмес пайдаланууга, жолдордун жээгинде, өткөөлдөрдө жайма соода кылууга, санитардык нормалары сакталбаган, ыңгайсыз шарттарда тамак аш сатууга, жашы жетпеген өспүрүмдөрдүн соода кылуусуна тыюу салынсын жана бул иштерди аткаруу жалпы соода павильондорунун ээлерине жана соода кылуучу жеке ишкерлерге милдеттендирилсин.

7.      Бул токтомду аткаруу жана жазалган иштер боюнча маалымат берүү Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.

 

                   Төрага                                                                               Э.Турсуналиев

Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга,  ММДга, шаардык ички иштер бөлүмүнө, базарлардын,  соода түйүндөрүнүн жетекчилерине

Обсуждение закрыто.