НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XX СЕССИЯСЫНЫН № 9 ТОКТОМУ

shapka-toktom

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН                           

XXVI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  КЕЗЕКТЕГИ  XX  СЕССИЯСЫНЫН

№  9  ТОКТОМУ

10-декабрь      2015-жыл                                                                                                                                      Нарын шаары

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинине Нарын шаарындагы “Ак-Бечел”, “Батыш” таза суу алуучу  жайларын куралдуу кайтарууга алуу боюнча Кайрылуу жолдоо жөнүндө

Нарын шаарындагы “Ак-Бечел”, “Батыш” таза суу алуучу жайлары куралдуу кайтарууга алынып келүүдө. Азыркы учурда терроризм күч алып жаткандыгына байланыштуу буга чейин кызмат кылып келген “Паутина” жоопкерчилиги чектелген коому кайтаруудан баш тартууда.

       Нарын облустук прокуратурасынын 26-ноябрь 2015-жылдагы №11-365-15 сунушу боюнча Кыргыз Ресепубликасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-октябрындагы “ Кыргыз Республикасынын өзгөчө маанилүү обьектилердин коопсуздугун сактоо боюнча чаралар жөнүндөгү” №676 жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 28-ноябрындагы №844 токтомдоруна ылайык КРнын ички иштер министрлигинин мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгы тарабынан аткарууга жатат деп көрсөтүлгөн.

            Нарын шаарындагы “Ак-Бечел”, “Батыш” таза суу алуучу жайларын куралдуу кайтарууга алууда Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын сунушу боюнча бир постту 4 же 5 адам куралдуу кайтарууга алат, ошондо 1 адамга күнү түнү кайтарууга 22995 сом, ар бир жылга 3 посту кайтарууга 3311280 сом керектелүүдө. Мүмкүн болсо, таза суу алуучу жайларды куралдуу кайтарууга алууну Кыргыз Республикасынын коргоо министрлигине берсе арзан болмок.

Жогорудагы көрсөтүлгөн 3311,3 мищ сом акча каражатын төлөп берүүгө Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин жана Нарын суу канал ишканасынын мүмкүнчүлүгү чектелүү. Ошондуктан “Ак-Бечел”, “Батыш” таза суу алуучу жайлары куралдуу кайтарууга алууга кеткен чыгымдарды Республикалык бюджеттен бөлүп берүү жагын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасына  Нарын шаардык Кеңешинин XXVII сессиясынын атынан кайрылуу жиберүү  жагын белгилеп Нарын шаардык Кещешинин сеесиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.Нарын шаарындагы “Ак-Бечел” жана “Батыш” таза суу алуучу жайларын куралдуу кайтарууга алуудагы кеткен чыгымды Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинин  мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондугуна байланыштуу  Республикалык бюджетинен каржылап  берүү жагын сурап Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы А.Ш.Жээнбековго Нарын шаардык Кеңешинин XXVII сессиясынын атынан кайрылуу каты  жиберилсин.

2.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22-октябрь 2003-жылдагы №676  жана 28-нооябрь 1994-жылдагы №844  токтомдоруна ылайык Нарын шаарындагы “Ак-Бечел”, “Батыш” таза суу алуучу жайлары стратегиялык обьектилер болгондуктан,  буларды каржылоо жагы Республикалык бюджеттен чечилгиче атайын адистештирилген куралдуу кайтарууга  кеткен чыгымдарды кошумча каржылоо 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинен кароо жагы белгиленсин.

  1. Кайрылуу катын даярдап жиберүү жагы шаардык Кеңешинин аппаратына тапшырылсын.

 

 Төрага                                                                                                                    Э.Турсуналиев

______________________________________________________________________________

Жөнөтүлсүн:иш кагазга, КРнын  Жогорку  Кеңешининн төрагасына, мэрияга туруктуу комиссияга, Нарын суу канал ишканасына,.                                           

Добавить комментарий