ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XXV СЕССИЯСЫНЫН
№ 1 ТОКТОМУ
13-август 2012-жыл Нарын шаары
Нарын шаардык Кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык Нарын шаардык Кеңешинин уюштуруу документтерин жана токтомдорун Мыйзам талаптарына ылайык келтирүү максатында депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин Регламенти Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык бекитилсин.
- Депутаттардын Нарын шаардык Кеңеши Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык кайрадан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин төрагасы А.Көкөтаевге тапшырылсын.
Ушул токтомдо көрсөтүлгөн, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырлган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана Мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Депутаттардын
Нарын шаардык Кеңешинин
төрагасы А.Көкөтаев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, юстиция башкармалыгына