ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XXV СЕССИЯСЫНЫН
№ 2 ТОКТОМУ
13-июль 2012-жыл Нарын шаары
Нарын шаардык мэриясы жөнүндө Жобосун
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык Нарын шаардык мэриясынын уюштуруу документтерин Мыйзам талаптарына ылайык келтирүү максатында депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Депутаттардын Нарын шаардык мэриясы жөнүндө Жобосу Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын негизинде бекитилсин.
2.Нарын шаардык мэриясы Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык кайрадан мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаарынын мэрии Б.Жээналиевге тапшырылсын
Ушул токтомдо көрсөтүлгөн, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырлган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана Мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Депутаттардын
Нарын шаардык Кеңешинин
төрагасы А.Көкөтаев
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, юстиция башкармалыгына