НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ IХ СЕССИЯСЫНЫН
№ 4 ТОКТОМУ
19-июнь 2025-жыл Нарын шаары
Нарын шаарындагы Ж.Акималиев атындагы паркына Балдардын оюн-зоок борборун курууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, КРнын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын “Курулуш ченемдери Курулуштагы ченемдик документтер тутуму, шаардык жана шаар тибиндеги калктуу пункттарды пландаштыруу жана куруу боюнча” жалпы жобону жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык, менчик жер, архитектура, курулуш, отун энергетикасы, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаарындагы Ж.Акималиев атындагы паркынын күн батыш тарабындагы 0,8 га жер аянтына Балдардын оюн-зоок борборун курууга макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына тапшырылсын.
Төрага Ж.Эсеналиев
_____________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, архитектурага , Нарын облустук юстиция башкармалыгына;