НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ IХ СЕССИЯСЫНЫН
№ 6 ТОКТОМУ
19-июнь 2025-жыл Нарын шаары
Нарын шаарындагы Эт комбинатын жана Нарын шаарынын Мырзабеков көчөсү №4 дарегиндеги идентификациялык коду 4-05-03-00011829 сандуу, жалпы аянты 6793,0 чарчы метр жер тилкелеринин буздурууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана КРнын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамдарын жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катынын негизинде, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык, менчик жер, архитектура, курулуш, отун энергетикасы, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине ылайык, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаардык мэриясынын муниципалдык менчигинде турган Нарын шаарындагы Ленин көчөсү №106 дарегинде жайгашкан мурдагы Эт комбинаты идентификациялык коду №4-05-03-000-1987 жалпы аянты 39642,0 чарчы метр жер аянтын жана Нарын шаарынын Мырзабеков көчөсү №4 дарегиндеги идентификациялык коду 4-05-03-00011829 сандуу, жалпы аянты 6793,0 чарчы метр жер тилкелеринин ичинде жайгашкан имараттарды толугу менен буздурууга макулдук берилсин.
- Буздуруу иштерин жүргүзүүдө мыйзамдуу иш алып баруу жана бузуудан алынган жарактуу курулуш материалдарын туура пайдаланууну көзөмөлдүккө алуу жана Реестрге киргизүү жагы Нарын шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына тапшырылсын.
- Буздуруу (демонтаждоо) учурунда жергиликтүү бюджеттин эсебинен күйүүчү майынан сырткаркы иштерге акча каражаты сарпталбасын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.
Төрага Ж.Эсеналиев
_____________________________________________________________________________________
Жөнөтүлсүн: иш кагазга, шаардык мэрияга, ММБга, «Нарын облустук юстиция башкармалыгына;