НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХХIV СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 29 –апрели №2
УТРКнын Нарын облустук телерадио компаниясына имарат куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын V бөлүмүнүн 19-беренесин жетекчиликке алып, Нарын шаарынын Тоголок Молдо көчөсү №11в дарегинде жайгашкан Нарын облустук телерадио компаниясына таандык административдик имараттын учурдагы абалы эскирип, эксплуатациялоого жараксыз болуп калгандыгы, ошондой эле, кызматтык кабинеттердин жетишсиздиги иш алып барууга олуттуу тоскоолдук жаратып жаткандыктан, телерадио берүү ишин заманбап талаптарга ылайык жүргүзүү максатында телестудияга ылайыкташтырылган жаңы административдик имарат куруу зарылдыгы жаралгандыктан, Нарын облустук телерадио компаниясына Нарын шаарынын аймагынан, Ленин көчөсүнүн жээгинен ылайыктуу жер тилкесин бөлүп берүү боюнча Нарын шаардык мэриясынын сунуш катын, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык, менчик жер, курулуш, архитектура, отун энергетикасы, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун корутундусун угуп, талкуулап, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
- Нарын шаарындагы Тоголок Молдо 11в дарегиндеги учурдагы Нарын облустук телерадио компаниясы жайгашкан имаратты Нарын шаарынын мэриясынын балансасына өткөрүп берүү боюнча УТРКдан кепилдик кат алынгандан кийин, Нарын шаарынын Ленин көчөсү №144б дарегинде жайгашкан идентификациялык коду №4-05-03-0001-0850, жалпы аянты 930 чарчы метрди түзгөн муниципалдык жер тилкесин Нарын облустук телерадио компаниясына заманбап административдик имарат куруу үчүн берүүгө макулдук берилсин.
- Кепилдик кат алуу боюнча иш алып баруу жагы Нарын шаарынын мэрине тапшырылсын.
- Заманбап имарат куруу боюнча иш алып баруу жагы 1 (бир) жыл ичинде жүргүзүлбөсө, ушул токтом күчүн жоготту деп таанылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Ушул токтом УТРКдан кепилдик кат алынгандан кийин, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага Ж.Эсеналиев
