НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ
КЕЗЕКТЕГИ ХХVIII СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 20-июлу №7
Сот кызматкерлерине кызматтык үйүн жана “Сот Адилет үйүн” курууга кайрадан жер тилкелерин бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесин, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 19-беренесин жетекчиликке алып, Нарын шаардык мэриясынын сунуш катын, Нарын шаардык Кеңешинин «Муниципалдык, менчик жер, курулуш, архитектура, отун энергетикасы, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунда карап, талкуулап, корутундусун угуп, Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:
1.Нарын шаардык Кеңешинин 28-апрель 2025-жылдагы VI чакырылыштагы кезектеги VIII сессиясынын “Сот Адилет үйүн куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү” №3 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
2.Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу сот департаментинин Нарын облустук башкармалыгынан Нарын шаарындагы Ленин көчөсү №39 дарегинде жайгашкан Нарын облустук соту жана Т.Мамбеталиев көчөсү № 21 дарегиндеги Нарын облустук сот департаменти жана Нарын шаардык соту жайгашкан имараттар, тиешелүүү жер тилкелери менен Нарын шаардык мэриясынын муниципалдык балансасына кабыл алууга макулдук берилсин.
3.“Сот Адилет үйү” административдик имаратын курууга Ленин көчөсү 54”а”дарегиндеги идентификациялык коду 4-05-02-0001-1435, Ленин көчөсү 54“б” дарегинде жайгашкан идентификациялык коду 4-05-02-0001-1434, 33, 0 (отуз үч) сотых жер жер тилкелерин, ал эми, сот кызматкерлерине кызматтык үй куруу үчүн Нарын шаарындагы С.Орозбаков атындагы көчөсүнүнүн №2 дарегиндеги идентификациялык коду 4-05-02-0001-1452 , 70 (жетимиш) сотых жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Нарын шаардык мэриясына жүктөлсүн.
5.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн, naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага Ж.Эсеналиев
