НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ ХXIХ СЕССИЯСЫНЫН ТОКТОМУ 2026-жылдын 22 -сентябры №2 «Билал бин Рабах» мечитине тиешелүү жер тилкесин Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгынын мөөнөтсүз пайдалануусуна берүүгө макулдук берүү жөнүндө

НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ  

                           КЕЗЕКТЕГИ ХXIХ СЕССИЯСЫНЫН                            

  ТОКТОМУ

                                              

2026-жылдын    22 -сентябры  №2

 

«Билал бин Рабах» мечитине тиешелүү жер тилкесин Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгынын   мөөнөтсүз пайдалануусуна берүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 5-21-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 27-34-беренелерине ылайык, Нарын шаарындагы Ленин көчөсү №1 дарегинде жайгашкан «Билал бин Рабах» мечитине тиешелүү жер тилкесин Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгынын   мөөнөтсүз пайдалануусуна берүү боюнча Нарын шаардык мэриясынын сунуш катын Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык, менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура, курулуш, отун энергетикасы, транспорт жана экология  боюнча”  туруктуу комиссиясынын отурумунда карап, талкуулап, корутундусун  угуп,  Нарын шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:

  1. Нарын шаарындагы Ленин көчөсү №1 дарегинде жайгашкан «Билал бин Рабах» мечитине тиешелүү жер тилкесин Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгына   мөөнөтсүз жана ижара  акысыз  пайдалануусуна берүүгө макулдук берилсин.
  2. Кабыл алынган токтомдун негизинде мыйзамдын талаптарын аткаруу менен иш жүргүзүү жагы Нарын шаарынын мэриясына тапшырылсын.
  3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
  5. Токтомдун аткарылышы “Муниципалдык, менчик жер, турак жай, коммуналдык тейлөө, архитектура, курулуш, отун энергетикасы, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясы тарабынан көзөмөлдөнсүн.

 

                                       Төрага                                                                                                                           Ж.Эсеналиев

 

 

Добавить комментарий